Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму өттү.

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму өттү.

21 февраль 2022, Понедельник
650
0

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму өттү.


Бүгүн, 21-февралындагы Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болду.

Отурумду туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Д.А.Абдуллаев алып барды. Күн тартибиндеги 2021-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын 2021-жылдагы бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча отчетту бекитүү жөнүндө маселе талкуудан кийин сессиянын кароосуна сунушталды. 

Ал эми, Ош шаарынын мэриясынын Дүйнөлүк Банктын каржылоосунун негизинде, АРИС аркылуу ишке ашырылып жаткан Ош шаарындагы бир нече долбоорлорду карап берүү жөнүндөгү каты менен шаардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча сунушталган долбоорлорго толуктоолор киргизилип, жактырылды. Ошондой эле отурумда эл өкүлдөрү тарабынан Ош шаарынын башкы планынын деталдык пландоо долбоорун иштеп чыгуу боюнча жүрүп жаткан иштердин азыркы учурдагы абалы жөнүндө тиешелүү мекемелердин маалыматтары угулуп, жыйынтыгында каралган маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын тиешелүү чечимдери кабыл алынды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)