Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » 9-май Улуу жеңиштин 74 жылдыгына арналган майрамдык азем өткөрүлдү

9-май Улуу жеңиштин 74 жылдыгына арналган майрамдык азем өткөрүлдү

09 май 2019, Четверг
3 193
0
Ош шаарынын борбордук аянтында 9-май Улуу жеңиштин 74 жылдыгына арналган чоң программадагы майрамдык азем өткөрүлдү. Улуу жеңиштин урматына даярдалган майрамдык программа согуш мезгилиндеги учурду, жеңиш күнүн даңазалаган театрлаштырылган көрүнүштөр менен чагылдырылып, шаар тургундарына жана жалпы аземдин катышуучуларына өзгөчө майрамдык маанай тартууланды. Шаар тургундарын КР Вице-Премьер-министри З. Аскаров, Ош шаарынын мэри Т. Сарыбашов, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж. Ормонов, КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү У. Жылкыбаевтер куттукташты. 
Төрага Жапарбек Ормонов өз сөзүндө Улуу жеңиш майрамы менен Эл өкүлдөрүнүн атынан куттуктап, УАМ согушунун ардагерлерине таазим этип, алардын көзүнүн тирүүсүндө урмат-сый көрсөтүү менен ар тараптан кам көрүү зарыл экендигин баса белгиледи. Мындан аары мамлекетибизде тынчтык, биримдик болуп, элибиз амандыкта, бакубатчылыкта болушсун деген майрамдык каалоо-тилектерин билдирди. Майрамдык азем согуш жылдарындагы белгилүү ыр-бийлер менен коштолуп, жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Салтанаттуу иш чарадан сон ардагерлер үчүн майрамдык сый тамак тартууланды
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)