Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » УЛУУ ЖЕҢИШ МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН!!!

УЛУУ ЖЕҢИШ МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН!!!

09 май 2019, Четверг
2 892
0
Кадырлуу
Улуу жеңиштин ардагерлери жана
эмгек каармандары!
Урматтуу шаардыктар, шаарыбыздын коноктору!
Сиздерди  Улуу жеңиш майрамыңыздар менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан кызуу куттуктайм! Бүгүн Улуу жеңишке 74 жылдын жүзү болуп отурат.
Биз, жаркыраган ачык асманды, тынчтыкты, эркиндикти алып келүүгө өмүрүн аябай кан төгүшкөн Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине, аталарыбызга, энелерибизге башыбызды ийип таазим кылабыз! 
Биз, сүйүктүү Кыргызстаныбыз өсүп-өнүгүп, көп улуттуу элибиз амандыкта, бактылуу турмуш кечирип жаткандыгына миң мертебе шүгүр кылып, баатырларыбызга ыраазылык билдиребиз.  
Бул улуу жеңиш, улуттар аралык ынтымактын биримдигин, ата-бабаларыбыздын эрдигин даңазалаган, мекенге берилгендиктин баалуу белгиси болуп калды.
Андыктан, тынчтыкты бузбоого, балдарыбыздын келечегине коркунуч жаратпоого, үйүбүздү, жерибизди коргоого, согуш апаатын кайра болтурбоого биз бардык күчүбүздү жумшайбыз. 
          Ылайым дүйнөдө тынчтык болуп, улуу элибиздин түндүгү дайыма көтөрүлүп турсун! 
Кыргызстаныбыздын келечеги кең болуп, кадырлуу ардагерлерибиздин, ак калпактуу аталарыбыздын, ак элечек апаларыбыздын өмүрлөрү узун, саламаттыгы бекем болсун!  Сүйүктүү мамлекетибиздин туусу дайыма бийиктикте желбиреп, ырыскылуу элибиз биримдикте, ынтымакта, амандыкта болсун!
Улуу жеңиш майрамыңыздар кут болсун!


Терең урматтоо менен Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов 
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)