Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Урматтуу шаардыктар жана шаарыбыздын коноктору!

Урматтуу шаардыктар жана шаарыбыздын коноктору!

03 март 2022, Четверг
716
0


Урматтуу шаардыктар жана шаарыбыздын коноктору!

    Мамлекетибиздин “Туу күнү” менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан баарыңыздарды куттуктаймын. Өлкөбүздүн зоболосу мындан да бийик баскычтарга көтөрүлүп, социалдык-экономикалык өсүүлөр жүз берип, элибиз биримдикте жана амандыкта болсун.

Кыргыз Республикасынын Туу күнү майрам катары жарандарыбызды мекенчил духта тарбиялоо менен мамлекеттик символдорго сый-урмат мамиле жасоо, жаштарыбызды Мекенди сүйүү, патриот болуу, мамлекетибиздин баалуулуктарын көздүн карегиндей сактоо максатында белгиленип келет. 

Түндүктүн элеси түшурүлүп, күн шооласынын кырк нуру, кыргыздын кырк уруусун бириктиргендей ойду берген Мамлекеттик туубуз менен биз сыймыктанабыз.  

Кайсы жерде өлкөбүздүн Туусу бийиктикке көтөрүлгөндө, ошол жерде өзүбүз ийгиликке жеткендей сүйүнүп калабыз

Ошондуктан, дайыма биримдикте болуп, жүрөгүбүздө “Мен Кыргызстандыкмын” деген сезим менен, башыбызды бириктирели жана мамлекетибиздин өнүгүүсүнө салым кошолу.

Баарыбыз Кыргызстандын туусун бийик желбиретүү менен биз мекенибиздин патриоту, чыныгы мекенчил жараны экендигибизди далилдей алабыз. 

Дайыма өлкөбүздө стабилдүүлүк болуп, ынтымакта, ырыскы-берекенин алдында биримдикте бололу!

Өркүндөсүн Кыргызстанымжелбирей берсин Кыргыз туусу!


Сиздерди терең урматтоо менен, 


Ош шаардык 

Кеңешинин төрагасы                                                                                          С.Назылбеков

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)