Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук маалыматы

Ош шаардык Кеңешинин 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук маалыматы

04 январь 2018, Четверг
3 744
0
Бекитилген иш планына ылайык, Ош шаардык Кеңеши жыл ичинде ырааттуу иш алып барды. Шаардык Кеңешинин 4 жолу сессиясы өткөрүлүп, анда шаардын турмушунда маанилүү деп эсептелген 104 токтому кабыл алынды.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары «КСДП» партиясынын депутаты, Ш.Зулимов башка кызматка которулгандыгына байланыштуу анын ордуна Б.Каналиев төраганын орун басары болуп шайланды.
Шаардык КеңешитарабынанКыргызРеспубликасындагыжергиликтүүкеңештердинжаначетөлкөлөрдүнжергиликтүүөзалдынчабашкаруубоюнчаиштажрыйбасыменентаанышууиштериаткарылды.Ош шаардык Кеңешинин иш планына ылайык депутаттардын тажрыйба алмашуу иш-аракеттери колго алынып, Россия Федерациясынын Новосибирск шаарына, Грузия мамлекетине, Украина мамлекетинин Киев шаарына жана мамлекетибиздин башка аймактарында болушуп, шаардынөнүгүүсүнөбагытталган бир нече долбоорлор жана сунуштар колго алынды. Бул багытта Кызыл-Кыя шаардык Кеңешинин депутаттары Ош шаардык Кеңешине тажрыйба алмашууүчүн келишип, шаардынөзгөчөийгиликтери жана депутаттардын ишмердүүлүктөрүменен таанышып, пикир алмашышты.

Шаардык КеңештинаппаратжетекчисибаштаганаппараткызматкерлериБишкекшаардыкКеңешиниништажрыйбасыменентаанышыпкелди.Кызматтыксапарлардаалынган керектүүдепэсептелгеналдыңкыиштажрыйбаларазыркыучурдашаардыкКеңештинишмердигиндепрактикаланууда.

Шаардык Кеңештечетэлдикделегациялардыкабылалууалармененжолугушууишчараларыөткөрүлдү.Шаардык Кеңештиндепутаттарынынжанааппараткызматкерлерининбилимдеңгээлинжогорулатуубоюнчаиштержүргүзүлдү.Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын сунушу менен Эл аралык, коомдук жана бейөкмөк уюмдар менен кызматташуу максатында “Youth of Osh” коомдук уюму менен бекитилген эки тараптуу иш планына ылайык шаардык Кеңешинин 12 жаш депутаты “Кыргызстандагы адам укуктарын коргоону жандандыруу” долбоорунун алкагында «Лидерлик жана кооммуникация» тренингинин окутууларынанөтүштү.

Бул багытта Республикалык деңгээлдеөткөрүлгөн жаштар форумуна катышышып, шаардын лидер жаштарынын сунуш-пикирлерин билдиришти.

Шаардык Кеңештиндепутаттарыжанааппараткызматкерлеримамлекеттикоргандар,мамлекеттикэмесжанаЭларалыкуюмдартарабынануюштурулган ар кандай темадагы 19 семинар жана тегерек столдорго катышышты, каралган маселелер боюнча сунуштарын жана пикирлерин билдиришти.ШаардыкКеңештинаппаратынын4кызматкеримамлекеттиксатыпалууларбоюнчаэксперттердинАссоциациясытарабынануюштурулганокуукурстарынан окуп келишти, бүгүнкүкүндөшаардык Кеңештегибардыксатыпалуулар,мамлекеттиксатыпалууларпорталыаркылуужүргүзүлүпжатат.

Ош шаарынын 2017-жылга бюджетин бекитүүбоюнча,ОшшаардыкКеңешименен«Интербилим»Эларалыкборборукоомдукбирикмесибиргелешип уюштурган бюджеттик коомдук угуулар болупөттү.КоомдукугууларгашаардыкКеңештиндепутаттары,шаардыкмэриянынжетекчилиги,аймактыккеңештердинөкүлдөрү,коомдукуюмдаржанашаардынжашоочуларыкатышып,бюджеттибекитүүдөкайсытармаккакөңүлбуруу керектигин кеңириталкуулашты.Алдыда аткарылуучу коомдук иш-аракеттерди жандандыруу максатында “МЦ Интербилим” коомдук уюму менен биргеликте меморандумга кол коюлду.

Ош шаардык Кеңешининдепутаттарыспорттужайылтуугажанаөнүктүрүүгөөзсалымдарынкошушту.ДепутаттардантурганкичифутболбоюнчакурамакомандасыКыргызРеспубликасыныншаардыккеңештерининортосундакичифутболбоюнчаКант жана Токмокшаарларындаөткөрүлгөнтурнирлерге катышышты.

Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын негизги милдеттери болгон шаар тургундары жана жалпы коомчулуктун кайрылуулары, сунуш-пикирлери боюнча иш жүргүзүүдөжеке кабыл алуулардан сырткаары жалпы 1102 кирүүкаттары кабыл алынып, 835 кайрылууга расмий жооп каттары берилди.

Шаардык Кенеште ар тармакты камтыган 6 туруктуу депутаттык комиссия шаардын социалдык-экономикалык тармактарынөнүктүрүүбагытындагы түрдүүмаселелерди талкуулашып, тиешелүүчечимдерди кабыл алышты.

Ош шаардык Кеңешине жарандардан, мекеме-ишканалардан жана Ош шаарынын мэриясынын кайрылууларынын негизинде бюджет, экономика жанаөнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын кароосуна сунушталган каттарды кароо боюнча 2017-жыл ичинде 10 жолу отурумөткөрүлдү.Алардын ичинен:2016-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жана жергиликтүүбюджеттин аткарылышы боюнча Ош шаарынын мэринин отчету, Ош шаарынын 2016-жылга бекитилген бюджетине киргизилгенөзгөртүүлөрдүжана толуктоолорду бекитүү, Ош шаарынын 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышын, Ош шаарынын 2017-жылга бюджетин жана 2018-2019-жылдарга божомолун, 2017-жылга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн божомолун бекитүү,Кыргыз Республикасынын каржы министрлигине караштуу экономиканыөнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна ЕвропалыкӨнүктүрүүжана Реконструкциялоо Банкы каржылаган Ош шаарындагы коомдук транспортту жакшыртуу жана шаардагы таза суу жана саркынды суу системаларын реабилитациялоо долбоорлорунун алкагында алынган жабдууларды жана транспорт каражаттарын күрөөгөкоюуга макулдук берүү, Ош шаардык А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадион тарабынан 2013-жылы бюджеттен алынган ссуданын кайтаруу мөөнөтүн узартуу жөнүндөгүмаселелери каралып, тиешелүүтоктомдорго кол коюлду.

Ош шаардык Кеңешиндемекеме-ишканалардансунушталганкаттармененбиргеликтешаардагы мыйзамдуулук жана дин маселелери боюнча укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жыл ичинде 6 жолу отурумөткөрүлдү.Өткөрүлгөн отурумдарда жашы жетпегенөспүрүмдөр арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча аткарылып жаткан иш-чаралар, Ош шаарындагы медресе жана мечиттердин абалы, Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнөкараштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин Ош шаардык жарандык абалдык актыларын каттоо бөлүмүнүн шаардын тургундарына көрсөткөн кызматтарынын абалы жөнүндөгүмаселелери каралып, комиссия мүчөлөрүжеринде аталган маселелердин аткаруу деңгээли менен таанышып чыгышты.

Мындан тышкары Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнөкараштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин Ош шаардык паспорттук-визалык жана каттоо иштери бөлүмүнүн паспортторду даярдоо, аларды берүүүчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынан документтерди кабыл алууну жана тариздөөнүишке ашыруу боюнча жүргүзүп жаткан иштери тууралуу, Ош шаарынын мэриясынын алдындагы Жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаменттин, Ош шаарындагы “Ошсвет” муниципалдык ишканасынын, Ош шаарындагы “Жылуулуккамсыздоо” муниципалдык ишканасынын,РЭОМАИнин, Ош райондук электр тармактар мекемелеринин жарандардын кайрылуусу боюнча жүргүзүпжаткаништерижөнүндөмаалыматтары талкууланды.

Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жанаөзгөчөкырдаалдар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы 2017-жылы бекитилген иш-пландын негизинде иш аракеттерин жүргүздү.Жыл ичинде 8жолу отурумөткөрүлүп, 33 токтом кабыл алынды. Туруктуу депутаттык комиссиясына жарандардан, ишкана-мекемелерден 176 кайрылуу келип түшкөн. Комиссиянын мүчөлөрүтарабынан шайлоочулардын наказдарын, жарандардын кайрылууларын жана арыздарын аткаруу максатында Ош шаарынын мэриясына жана муниципалдык кызматтарга 45 кайрылуу каттары жөнөтүлгөн.

Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы 2017-жылы бекитилген иш-пландын негизинде иш аракеттерин жүргүздү. Жыл ичинде 4жолу отурумөткөрүлүп, 18 токтом кабыл алынды.

Ош шаардык Кеңешинин сессиясына карала турган пландагы 4 маселенин ичинен 1 маселе «Ош шаарында жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2017-2018-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгын кароо жөнүндө» шаардык Кеңештин сессиясына сунушталып, атайын токтом кабыл алынды,3 маселе отурумда каралды. Комиссиянын мүчөлөрүтарабынан шайлоочулардын наказдарын, жарандардын к айрылууларын жана арыздарын аткаруу максатында Ош шаарынын мэриясына жана муниципалдык кызматтарга кайрылуулар, каттар жөнөтүлгөн.

Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүүөз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы 2017-жылы бекитилген иш планга ылайык 4 жолу отурумөткөрүп, анда 7 маселе каралган.

Алардын ичинен,Ош шаарында миграция жана ички миграция боюнча аткарылып жаткан иштер, Ош шаарындагы аксакалдар сотторунун аткарып жаткан иштери, Ош шаарындагы аймактык Кеңештердин аткарып жаткан иштери жөнүндөгүмаселелери жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын Жобосун кабыл алуу жөнүндөгүмаселелери каралган.

Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданийөнүктүрүүжана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы 2017-жылыөз ишин бекитилген иш планына ылайык алып барды.Депутаттык комиссия жыл ичинде 4 жолу отурум өткөрүп, анда 6 маселе каралды. Ош шаарында маданият тармагын өркүндөтүү боюнча аткарылып жаткан иштер, Ош шаарынын билим берүү мекемелеринин иштеринин натыйжалуулугу, шаардык жаштар комитетинин аткарып жаткан иштеринин натыйжалуулугу, Дене тарбия жана спорт комитетинин аткарып жаткан иштеринин натыйжалуулугу, шаардык Кеңештин социалдык багытта кабыл алган токтомдорунун аткарылышы жөнүндө жана социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 2018-жылга иш планын бекитүү жөнүндө маселелер.

Булардын ичинен эки маселе, Ош шаарында маданият тармагын өркүндөтүү боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө жана Ош шаарынын билим берүү мекемелеринин иштеринин натыйжалуулугу жөнүндө маселелер шаардык Кеңештин сессиясынын кароосуна киргизилди. Сессияга бул маселелерди даярдоо боюнча шаардык Кеңештин төрагасынын буйругу менен жумушчу топ түзүлүп, жумушчу топ жерине чыгуу менен тиешелүү мекемелердин аткарып жаткан иштери менен таанышып чыкты.
Шаардык жаштар комитетинин аткарып жаткан иштеринин натыйжалуулугу, Дене тарбия жана спорт комитетинин аткарып жаткан иштеринин натыйжалуулугу жөнүндө маселелер туруктуу депутаттык комиссиянын отурумдарында кеңири каралып, тиешелүү маалыматтар угулду.
Аталган туруктуу депутаттык комиссия мүчөлөрү жыл ичинде 45тен ашуун жалпы билим берүүчү мекемелерде, балдар бакчаларында, маданият, спорт, медицина мекемелеринде болушуп, алардын ишмердиктери менен таанышышты.
Мында негизинен көңүл окуучулардын билим сапатына, окуу-тарбия иштерине, балдардын тамактануусуна жана тамак-аштын сапатына, маданият жана спорт жактан калкты тейлөөгө, калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтардын жетиштүүлүгүнө жана сапатына, ошондой эле мекемелердин материалдык-техникалык базаларына көңүл бурулду.
Ош шаардык Кеңеши шаардагы өткөрүлгөн бардык саясий, маданий-массалык жана спорттук иш чараларга активдүү катышышты жана республиканын жергиликтүү кеңештеринин жана чет өлкөлөрдүн өз алдынча башкарууну уюштуруу тажрыйбалары менен таанышышты.
Жыл жыйынтыгы боюнча «Кыргыз Туусу» гезитинин сурамжылоосу боюнча Ош шаардык Кеңеши «Жылдын мыкты мекемеси», Ош шаардык Кеңешинин төрагасы «Жылдын мыкты жетекчиси» наамына татыктуу болду.
Шаардык Кеңешинин ишмердигине ылайык, 2018-жылга иш план алдын ала бекитилип, ага шаардын турмуш-тиричилиги үчүн маанилүү деп эсептелген маселелер киргизилди.
Ош шаардык Кеңеши
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)