Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин кезектеги XX сессиясы өткөрүлдү

Ош шаардык Кеңешинин кезектеги XX сессиясы өткөрүлдү

14 май 2019, Вторник
2 944
0
Бүгүн ОШК кезектеги XX сессиясы өткөрүлдү. Сессиянын алдында “КСДП” жана “Мекеним Кыргызстан” фракцияларынын курамына жаңыдан келишкен депутаттарга АШК төрагасы тарабынан мандаттар тапшырылды. Андан соң сыйлоо аземи өткөрүлүп “Ош шаары Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык иш чарасын өткөрүүгө өзгөчө салым кошушкан жетекчилерге ОШК Ардак грамоталары тапшырылды. Сессиянын күн тартибине ылайык 16 маселе талкууга алынып, тиешелүү токтомдор кабыл алынды. Эл өкүлдөрү өзгөчө шаардагы жалпы билим берүү тармагынын аткарып жаткан иш-аракеттери жөнүндөгү маселеге терең токтолуп, билим берүү системасынын деңгээлинин төмөндүгү, билим берүүнүн сапатынын начардыгы жана тиешелүү жетекчилердин жансыз иш аракеттерин билдиришти. Озгөчө шаардын социалдык тармагын тейлеген шаардын вице-мэри Н.Кадыровдун жана БББнын башчысы А.Асановдун ишмердүүлүктөрү боюнча сын-пикирлер айтылып, шаар мэрине аталган жетекчилердин иштерин бир айдын ичинде жандандыруу тапшырмасы берилди. Сессиянын жүрүшүндө шаардагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүндө жүргүнчүлөр үчүн жол акынын тарифин бекитүү жана  кээ бир шаардагы көчөлөрдөгү бак дарактарды кыюу жөнүндөгү маселелер кызуу талаш-тартышты жаратып, депутаттардын сунуштарын эске алуу менен тиешелүү токтомдор кабыл алынды. Күн тартибиндеги акыркы “Ош шаарынын Ардактуу Атуулу” наамын ыйгаруу маселеси боюнча талаш-тартыш менен кийинки сессияга жылдырылды.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)