Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнү белгиленди.

Ош шаарында коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнү белгиленди.

18 март 2022, Пятница
691
0

Ош шаарында коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнү белгиленди. 

2022-жылдын 18-март күнү Кыргыз Республикасынын коммуналдык чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамын Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы М.Маматов, Ош шаарынын мэри А.Мамбетовдор куттукташты.

Туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы М.Маматов өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнү менен куттуктап,  шаардагы турак-жай, коммуналдык чарба тармагында эмгектенип жаткан кызматкерлерди Ош шаарында көп жылдык үзүрлүү эмгегин, жогорку адискөйлүгүн баалап, шаардын өсүп-өнүгүүсүнө бараандуу салым кошуп жаткан кызматкерлерди Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлады. 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)