Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында «Жаштар Форуму» болду

Ош шаарында «Жаштар Форуму» болду

14 ноябрь 2022, Понедельник
15 670
0

     Бүгүн, 14-ноябрда  Ош шаарындагы  “Шанхай сити” мейманканасында 10-ноябрь “Жаштар күнүнө”, 17-ноябрь “Эл аралык студенттер күнүнө” карата “Бизнес жана өнүгүү” аталыштагы жаштар форуму болуп өттү.

Аталган форумга Ош шаардык Кеңешинин  төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов  катышып, форумдун катышуучуларын  шаардык Кеңештин төрагасы Салман  Назылбековдун, депутаттардын атынан куттуктады. 

Шайырбек Нуранов өз сөзүндө шаарыбызда өтүп жаткан коомдук, саясий, тарыхый, маданий иш-чаралардын бардыгына жаштарыбыз активдүү катышып, шаарыбыздын өсүп-өнүгүшүнө өз салымдарын   кошуп жаткандыгын баса белгиледи. 

 Жаштардын алдында түзүүчүлүктү, жаратмандыкты талап кылган милдеттер, заман талабына шайкеш алып келе турган көп иштер тургандыктан, жаштардын жигердүүлүгү, демилгелери күчтүү болушуна тилектештигин билдирип, алдынкы жаштарга  Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталарын тапшырды. 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)