Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү белгиленди.

Ош шаарында дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү белгиленди.

05 апрель 2022, Вторник
662
0

 Ош шаарында дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү белгиленди.

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Салтанаттуу аземге Ош шаардык Кеңешинин төрагасы С.Назылбеков жана шаардык Кеңештин депутаттары катышты. Шаардык Кеңештин төрагасы Салман Сатыгулович  Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан куттуктады. Төрага өз сөзүндө Кыргыз мамлекетинин атын чыгарып тааныткан, даңазалаган-бул спорт экендиги талашсыз экендигин, биздин спортсмендерибиздин көп жылдан бери Дүйнөлүк, Азиялык, Республикалык мелдештерде бир топ жеңиштерди багындырышы бизди сыймыктандыраарын жана кубандыраарын баса белгилеп, Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталары менен мыкты спорт кызматкерлерин сыйлады.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)