Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарынын №9 «Амир-Тимур» аймактык кеңешинде Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын коомдук кабылдамасы ачылды.

Ош шаарынын №9 «Амир-Тимур» аймактык кеңешинде Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын коомдук кабылдамасы ачылды.

09 январь 2018, Вторник
3 539
0
Бүгүн, 2018-жылдын 9-январында Ош шаарындагы №9 «Амир-Тимур» аймактык кеңешинде шаардык Кеңештин депутаттары Х.Исмаилов, Ж.Тажибаев, Д.Абдурасуловдордун демилгеси менен шаардык Кеңештин депутатарынын коомдук кабылдамасы ачылды. Коомдук кабылдаманын ачылышынын максаты аймактык кеңештин жарандарынын көйгөйлүү маселелерин жеринде, өз мөөнөтүндө чечилишине жардам берүү болуп эсептелет. Коомдук кабылдамада күнүгө эртеден кечке чейин бир адис жарандар тарабынан түшкөн арыздарды кабыл алат, атайын түзүлгөн графиктин негизинде депутаттар түшкөн арыздарды карап, арыз ээлери менен жолугуп, маселелерин тиешелүү мекеме-ишканалар менен биргеликте чечүүгө көмөк көрсөтүшөт.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)