Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык сынактарынын жеңүүчүлөрү сыйланышты

Ош шаарында “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык сынактарынын жеңүүчүлөрү сыйланышты

16 ноябрь 2022, Среда
553
0

 Бүгүн,  16-ноябрда Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, төраганын орун басары Шайырбек Нуранов, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдор катышкан Кыргыз Республикасынын  Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык сынактардын жеңүүчүлөрүн куттуктоо аземи болуп өттү. 

Төрага Салман Назылбеков жеңүүчүлөрдү Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан куттуктап, билим берүү тармагындагы ардактуу, түйшүктүү иштерине ийгиликтерди каалады, Ош шаарынын билим берүү башкармалыгынын башчысы   Аматова Санталат  Юсуповнага билим берүү тармагынын өнүктүрүүгө кошкон көп жылдык салымын,  талыкпаган ак ниет эмгегин баалап, Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамотасын, ал эми республикалык сынактын жеңүүчүлөрү болгон “Жылдын мыкты мугалими-2022”  №52 “Кыргыз -Түрк достугу” мектеп-лицейинин математика мугалими Акылбек уулу Нурсултанга  жана “Жылдын мыкты тарбиячысы-2022” №39 Күн-Нуру” балдар бакчасынын тарбиячысы Туленбаева Гульназа Жусуповнага мактоо баракчаларын тапшырды.

Ошондой эле, жогоруда аталган жактарга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Осмонов Айбек Жапаровичтин атынан телевизорлор берилди.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)