Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү

Депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү

14 апрель 2022, Четверг
716
0

Депутаттык комиссиянын отуруму болуп ътт\


2022-жылдын 14-апрелинде Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 9-мартындагы №6 буйругунун негизинде, муниципалдык мүлктүн эффективдүү пайдаланылышын, салык эмес кирешелердин түшүүсүн көбөйтүү жолдорун аныктоо боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү.

 Отурумга комиссиянын мүчөлөрү Б.Жолдошбаев, А.Айтбаев, Б.Баетов, З.Толубаев, К.Папишов,  А.Эркин уулу,  М.Маматкулов,  К.Шайиев катышты.

Отурумдун жүрүшүндө Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчилиги, бөлүм башчылары муниципалдык мүлктү пайдалануу боюнча кеңири маалымат беришти. Комиссиянын мүчөлөрү тарабынан муниципалдык мүлктү эффективдүү пайдалануу боюнча кеңири талкуу жүргүзүлүп, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына муниципалдык жерлердин, имараттардын, электрондук базасын түзүү, муниципалдык жерлердин мамлекеттик актысын алуу ошондой эле бир топ сунуштар берилди.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)