Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин депутаты маселе менен жеринде таанышты

Ош шаардык Кеңешинин депутаты маселе менен жеринде таанышты

26 апрель 2022, Вторник
670
0



2022-жылдын 26-апрелинде Ош шаардык Кеңешинин депутаты Баетов Болотбек Талайбекович  Ош шаарынын Батыш кичи районунун тургундары тарабынан айтылган жол коопсуздугун камсыздоо боюнча айтылган маселе менен жеринде таанышуу жүргүздү. Жашоочулар тарабынан   Б.Осмонов көчөсү менен Ош шаардык №2 тиш дарылоо поликлиникасы тараптан келген жолдун кесилишине (Нирвана кафесинин маңдайы)кошумча жол чырагын орнотуу зарылчылыгын айтып, кошумча жол чырагы коопсуздукту камсыз кыла тургандыгын белгилешти.  Ош шаардык Кеңешинин депутаты Баетов Б.Т. маселе менен жеринде таанышып,  жолушууга чакырылган “Ош шаардык жолдор” башкармалыгына, МАИнин курулуш-монтаждоо башкармалыгына, Ош регионалдык архитектура жана курулуш башкармалыгына, Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматына маселени мыйзам чегинде терең  иликтөөдөн өткөрүү, аталган жолдордун кесилишине жол чырагын орнотуу үчүн тиешелүү долбоорлоо иш кагаздарын даярдоо боюнча иш жүргүзүү тапшырмалары берилди.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)