Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинде "Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери" боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү.

Ош шаардык Кеңешинде "Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери" боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү.

29 май 2019, Среда
3 572
0
Отурумду туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Расулберди Раимбердиев алып барып, депутаттар С.Назылбеков, Э.Кулназаров, жана биринчи отурумга катышып жатышкан эки депутаттыбыз М. Исаев жана Э. Мырзаев тиешелүү ишкана-мекемелердин жетекчилери катышышты. 
 Отурумдун күн тартибинде беш маселе каралды. 
 1. Ош шаарында коомдук коопсуздук боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматын угуу. 
 2. КРнын социалдык фондунун Ош шаардык башкармалыгынын жарандардын кайрылуулары жана арыздары боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалыматтарын угуу.
 3. Ош шаарынын Аксакалдар сотторунун ишинин регламентин бекитүү жөнүндө
 4. Ош шаарынын мэриясынын алдындагы бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу жобону бекитүү боюнча токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча
 5. Ош шаардык Кеңешинин аппаратты жөнүндө жобого жана түзүмгө өзгөртүү киргизүү боюнча маселелер каралды.
 Аталган маселелер боюнча депутаттар өздөрүнүн суроо талаптарын, сын-сунуштарын тиешелүү жетекчилерге беришип, кызуу талкуулоолордон кийин күн тартибиндеги 3,4,5 маселелерди сессияга сунушташты. Ал эми калган эки маселенин маалыматтары комиссиянын отурумунда эске алынды.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)