Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарындагы У.Салиева көчөсүн көрктөндүрүү жана жашылдандыруу долбоорунун ачылуу аземи болуп өттү

Ош шаарындагы У.Салиева көчөсүн көрктөндүрүү жана жашылдандыруу долбоорунун ачылуу аземи болуп өттү

30 апрель 2022, Суббота
940
0

Бүгүн, Ош шаарынын №4 “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгынын У.Салиева көчөсүнүн Жийделик көчөсүнөн баштап Т.Касымбеков көчөсүнө чейинки аралыгын кеңейтүү, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу долбоорунун ачылуу аземи болуп өттү.

Аземге Ош шаардык Кеңешинин төрагасы С.Назылбеков, шаар мэри А.Мамбетов, шаардык Кеңештин депутаттары, мекеме ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Төрага, шаарыбыздын көчөлөрү заманбап жаңыртылып ачылып жатышы кубанаарлык көрүнүш экендигин белгилеп, бул долбоорду ишке ашырган “Амантур Строй Сервис” ЖЧКнын жамаатына ыраазылык билдирди.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)