Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Эл өкүлдөрү жарандардан түшкөн арыздын негизинде жеринен таанышып келишти

Эл өкүлдөрү жарандардан түшкөн арыздын негизинде жеринен таанышып келишти

25 ноябрь 2022, Пятница
486
0

Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты  маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Болотбек Баетовдун атына Ош шаарынын №18 көп кабаттуу турак үйүнүн жашоочуларынын атынан  “көп кабаттуу үйдүн жер төлөөсүн “Сонун Фарм” жоопкерчилиги чектелген коомуна арендага берет”-деген доомат менен арыз жазышкан. Ошол эле учурда Анар кичи районун №11,13,14,15,16,17,18,19,21-көп кабаттуу үйлөрүндөгү жашоочулары “Сонун Фарм” жоопкерчилиги чектелген коомунун кызматынан пайдаланууну улантуу керектигин суранышкан. 

       Ошондуктан, шаардык Кеңештин депутаттары Болотбек Баетов, Шахназар Бакир уулу тиешелүү мекеме-ишканалардын кызматкерлери менен биргеликте жерине барып, жашоочулар менен жолугушуп, көпчүлүк жарандардын суранычы менен кайрадан “Сонун Фарм” жоопкерчилиги чектелген коомунун   ишин улантсын”-деген чечимге келишти.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)