Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү.

Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү.

31 май 2019, Пятница
2 701
0
2019-жылдын 31-майында  Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү. 
Отурумду туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы А.Батыров алып барды. Отурумдун күн тартибинде жалпы 17 маселе кирип, бардык маселелер каралып туруктуу депутаттык комиссиясынын тиешелүү чечимдери кабыл алынды. Атап айтканда, Ош шаардык жолдор жана Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыктарына жергиликтүү бюджеттен  2018-2019-жылдарда бөлүнгөн акча каражаттарынын пайдалануусу боюнча маселе боюнча аталган башкармалыктардын башчыларынын маалыматтары угулуп, аталган маселени 2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен кайра кароо боюнча чечим кабыл алынды. 
Андан сырткары жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын карап берүү жөнүндөгү маселелер каралып, макулдук берилген маселелер кезектеги сессиянын кароосуна сунушталды.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)