Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү

Туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү

28 ноябрь 2022, Понедельник
518
0

    Бүгүн, 28-ноябрь күнү Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү. 

  Отурумду туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Бакир уулу Шахназар алып барып, мүчөлөрү Кадырбек кызы Н., Зайнидинов А.Т., Раимов Э.Ж., депутат Арзиев Э.М. катышты.

   Отурумда Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 10-августундагы “Ош шаарындагы курулуш жана жерди пайдалануу эрежесин жаңы редакциядагы долбоорун бекитүү жөнүндө” №248 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселелер каралды

Күн тартибиндеги маселелер кызуу талкууланып, шаардык Кеңештин сессиясында кароого жөнөтүлдү.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)