Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин депутаттары шаар эли менен жолугушууда

Ош шаардык Кеңешинин депутаттары шаар эли менен жолугушууда

28 ноябрь 2022, Понедельник
539
0

     2022-жылдын 15-ноябрындагы кезектеги XIV-сессиясында “Ош шаардык Кеңешинин  депутаттарынын отчет берүү  жана шайлоочулар менен  жолугушуусун өткөрүү жөнүндө” №93 токтому кабыл алынган. Анда, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 15-беренесине ылайык жергиликтүү кеңештин депутаты шайлоочулардын алдында жана аны депутаттыкка талапкерликке көрсөткөн жарандардын жамааттарынын жана бирикмелеринин алдында, ошондой эле саясий партиянын алдында өзүнүн иши жана өзү шайланган жергиликтүү кеңештин иши жөнүндө мезгил-мезгили менен, бирок жылына бир жолудан кемитпей отчет берип турууга тийиш. Депутаттын отчету, аны депутаттыкка талапкерликке көрсөткөн жарандардын жамаатынын же бирикмесинин жана саясий партиянын талабы боюнча, ошондой эле шайлоочулардын чогулушунун талабына ылайык каалаган убакта өткөрүлүшү мүмкүн. Депутаттын отчету тийиштүү шайлоо округунун шайлоочуларынын чогулуштарында, ошондой эле аны депутаттыкка талапкерликке көрсөткөн эмгек жамааттарынын, жарандардын бирикмелеринин жана саясий партиянын чогулуштарында (конференцияларда) өткөрүлөт.

      Бекитилген графике ылайык, бүгүн Ош шаардык Кеңешинин депутаттары Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын эли-шайлоочулар менен жолугушту. Анда депутаттар өздөрүнүн аткарган иштери боюнча отчёт беришти жана шайлоочулардын ой-пикирлерин жана сунуштарын угушуп, суроолорго жооп беришти.

    Белгилей кетсек, кийинки жолугушуу 2022-жылдын 1-декабрында Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгында  саат 14:00дө өтөт.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)