Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормоновдун куттуктоосу

Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормоновдун куттуктоосу

07 июнь 2019, Пятница
2 744
0
Урматтуу финансы жана экономика тармагынын кызматкерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан кызуу куттуктайм! 
 Бүгүнкү күндө биз экономикабызды толук кандуу чыңдап, өнүккөн мамлекет катары калыптанууга тиешелүү иш аракеттерди жасап, баарыбыз биргеликте салым кошуубуз зарыл деп эсептейм. 
 Аткарылып жаткан аракеттер албетте сиздердин алгылыктуу эмгегиңиздердин жыйынтыгына көз каранды. 
 Бүгүнкү күндө биздин шаарыбызда да финансы жана экономика тармагында эң татаал маселелерди чече билген, бардык кыйынчылыктарга туруштук берген кесипкөй адистер эмгектенишип жатат деген терең ишеничтемин. 
 Сиздердин таза, ак ниет эмгегиңер мамлекетибиздин, анын ичинде Ордолуу Ош шаарыбыздын мындан ары чыңдалышына жана гүлдөп өнүгүшүнө, элибиздин жашоосун жакшыртууга өбөлгө болуп жаткандыгы бизди кубандырат.
 Бардыгыңыздарга чың ден-соолук, бакубат турмуш жана шаарыбыздын келечеги үчүн жасап жаткан жооптуу ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм. 
 Кесиптик майрамыңыздар менен!
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)