Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйыны өткөрүлдү

Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйыны өткөрүлдү

07 июнь 2019, Пятница
2 862
0
Ош шаарынын мэриясы кезектеги коллегиялык жыйынын өткөрүп, шаардагы курулуш иштеринин мыйзамдуулу жана шаар тургундары менен жолугушууларда берилген протолдук тапшырмалардын аткарылышы боюнча маселелер талкууга алынды. Коллегиялык жыйынга төрага Жапарбек Ормонов катышып, аткарылып жаткан иш-аракеттердеги кемчиликтерден тышкары ишке ашырылып жаткан алыгылыктуу иш чаралардын да өткөрүлүп жаткандыгын белгиледи. Өз сөзүндө төрага «Ош Түрк тилдүү элдеринин маданий борбору» аттуу Эл аралык иш чаранын жогорку деңгээлде өткөрүлгөндүгү үчүн шаар жетекчилерине ыраазылык билдирди. 
 Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов коллегиялык жыйындын күн тартибиндеги маселелердин негизинде шаардагы курулуш тармагындагы жүз берип жаткан бир топ орой кемчиликтерге токтолуп, тармактын жетекчиси А. Жолдошевге карата чара көрүү жагын билдирди. Мындан тышкары протоколдук тапшырмалардын аткарылышы боюнча өзүнүн кескин эскертүүлөрүн билдирип, шаар жетекчилерине карата катуу милдет-талаптарын койду.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)