Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин депутаттары №6 «Курманжан Датка» муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту

Ош шаардык Кеңешинин депутаттары №6 «Курманжан Датка» муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту

02 декабрь 2022, Пятница
461
0

    Бүгүн, 2-декабрда Ош шаардык Кеңешинин депутаттары №6 “Курманжан Датка” муниципалдык аймактык башкармалыгында жашаган шайлоочулар менен жолугушту. Жолугушууда эл өкүлдөрү өздөрүнүн аткарган иштери боюнча отчёт беришип, “Курманжан Датка” муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочуларынын көйгөйлөрүн жана сунуштарын угушуп, суроолорго жооп беришти. Жолугушууга Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Шаар тургундарынан суу, тазалык, свет, жол тыгындары, курулуштар, жылуулук жана кооперативтер жөнүндө ар тараптуу көйгөйлөр айтылып, алар боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жеринде жооп беришти. 

Ошондой эле, 2023-жылы аткарылуучу иш-планга киргизе турган бир канча орчурдуу маселелер кат жүзүндө берилди.


Белгилей кетсек, кийинки жолугушуу 2022-жылдын 5-декабрында №1 “Туран” муниципалдык аймактык башкармалыгында  (№41 Х.Абдуллаев мектеби) саат 14:00дө өтөт.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)