Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Депутаттык комиссия Р.Абдыкадыров, Мамажан жана Курманжан Датка көчөлөрундөгү соода түйүндөрүнүн мыйзамдуулугу менен жеринде таанышты.

Депутаттык комиссия Р.Абдыкадыров, Мамажан жана Курманжан Датка көчөлөрундөгү соода түйүндөрүнүн мыйзамдуулугу менен жеринде таанышты.

20 май 2022, Пятница
576
0

Депутаттык комиссия Р.Абдыкадыров, Мамажан жана Курманжан Датка көчөлөрундөгү соода түйүндөрүнүн мыйзамдуулугу менен жеринде таанышты.


2022-жылдын 10-майында Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №12 буйругунун негизинде, Ош шаарынын А.Шакиров, Курманжан Датка жана Р.Абдыкадыров көчөлөрүндөгү коомдук тамактануу жана соода түйүндөрүнүн мыйзамдуулугун аныктоо боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссия Курманжан Датка жана Р.Абдыкадыров көчөлөрүндөгү соода түйүндөрүн менен жерине чыгып таанышты.

Депутаттык комиссиянын мүчөлөрү Бакир уулу Ш., Ш.Нуранов, Б.Баетов,  Н.Каримовдор   Мамажан, Курманжан Датка жана Абдыкадыров көчөлөрүндөгү соода түйүндөрү тратуарга чейин чыгып жөө жүргүнчүлөргө бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып жаткандыгын аныкташты. 

Жерине чыгып таанышуунун жыйынтыгында Муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилерине, Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына кемчиликтерди жоюу боюнча бир топ тапшырмалар берилди.

















Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)