Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Депутаттык комиссия Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи районундагы жол тыгындарынын пайда болуусун жаратып жаткан соода түйүндөрүнүн мыйзамдуулугу менен жеринде таанышты

Депутаттык комиссия Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи районундагы жол тыгындарынын пайда болуусун жаратып жаткан соода түйүндөрүнүн мыйзамдуулугу менен жеринде таанышты

23 май 2022, Понедельник
598
0


2022-жылдын 23-майында Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №12 буйругунун негизинде, Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи районундагы жол тыгындарынын пайда болуусун жаратып жаткан соода түйүндөрүнүн мыйзамдуулугу менен жеринде таанышты.

Жеринде таанышууга  депутаттык комиссиянын мүчөлөрү  Ш.Бакир уулу., Ш.Нуранов, Б.Баетов, М.Маматкулов,  Н.Каримов жана Ош шаарынын тиешелүү кызматтарынын жетекчилери катышты.

Жерине чыгып таанышууда Исанов, Абакир уулу Төрөбек көчөлөрүндө тротуарга чыгуу менен салынган соода түйүндөрү жол тыгындарынын пайда болушуна алып келип жаткандыгы, жөө жүрүүчүлөргө бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып жаткандыгы аныкталды.

Жерине чыгып таанышуунун жыйынтыгында Муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилерине, Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына кемчиликтерди жоюу боюнча жана мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иштерин жүргүзүү тапшырмалары берилди.

Депутаттык комиссия аптанын кийинки жумасында “Батыш” кичи шаарчасындагы жагдай менен таанышууну пландаштырды...



Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)