Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму өттү

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму өттү

24 май 2022, Вторник
657
0


24-май күнү Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү.

Отурумду туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Э.Арзиев алып барды. Отурумдун күн тартибиндеги Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2022-жылдын I кварталынын жыйынтыгы менен аткарылышы жөнүндөгү маселе боюнча Ош шаарынын мэриясынын, мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын, Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын, “Жапалак унаа базары” жана “Борбордук базар дирекциясы” муниципалдык ишканаларынын маалыматтары угулду. 

Ошондой эле Ош шаарында үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн жана эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобо эл өкүлдөрү тарабынан талкууланып, айтылган сунуштардын негизинде кезектеги сессиянын кароосуна сунушталды.

Жыйынтыгында күн тартибиндеги каралган маселелелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын тиешелүү чечими кабыл алынды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)