Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинде кезектеги XXI сессия болуп өттү.

Ош шаардык Кеңешинде кезектеги XXI сессия болуп өттү.

11 июнь 2019, Вторник
2 740
0
Ош шаардык Кеңешинде кезектеги XXI сессиясын баштоодон мурда сыйлоо аземдери болуп өттү. Салтанаттын себепкерлери Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы А. Осмонов Финансы кызматынын мыктысы, Ош шаардык Кеңешинин башкы эсепчиси Ч.Мамаева Финансы министрлигинин ардак грамотасы менен сыйланышты.
 Сессияга Ош шаарынын мэри Т. Сарыбашов катышып, куттуктоо сөздөрүн айтып, ийгиликтерди каалап кетти. 
 Сессиянын күн тартибине 12 маселе киргизилип, алардын баары боюнча тиешелүү токтомдор кабыл алынды. 
 Күн тартибиндеги акыркы «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү маселелер боюнча 15 талапкер сунушталып, алардын ичинен 12 адам депутаттардын колдоосу менен ардактуу наамга татыктуу болушту.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)