Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында 5-декабрь Эл аралык ыктыярчылар күнү белгиленди

Ош шаарында 5-декабрь Эл аралык ыктыярчылар күнү белгиленди

05 декабрь 2022, Понедельник
668
0

    Бүгүн, 5-декабрда Ош шаарында Эл аралык ыктыярчылар күнү белгиленип, Ош шаардык Кеңешинин депутаты Нурислом Каримов, Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, Эл аралык республикалык институттун өкүлү Туйнун Мусаева, шаардык жаштар комитетинин төрагасы Жаныш Жусупбеков, жаштар, активисттер катышты.

    Нурислом Каримов Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбековдун жана депутаттардын атынан сөз сүйлөп, жаш ыктыярчыларды  бүгүнкү майрамы менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады.

   Эл өкүлү өз сөзүндө “биз эл өкүлдөрү турмуштун бардык катмарына таасирин тийгизген ыктыярчыларды ар дайым колдоп, Ош шаарыбыздын  ар тараптуу тармактарын өнүктүрүүдө бир жакадан баш бир жеңден кол чыгарып биргеликте иш алып барабыз”-деген ниетин билдирип, Баткен окуясында, күнү-түнү кызмат көрсөткөн жаш ыктыярчыларга Ош шаардык Кеңешинин “Ыраазылык баракчасын” тапшырды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)