Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Үй-бүлөлүк медициналык борборунун ачылышы болду

Үй-бүлөлүк медициналык борборунун ачылышы болду

12 июнь 2019, Среда
2 963
0
Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Арек айылында үй-бүлөлүк медициналык борборунун ачылышы өткөрүлдү. Ачылышка Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жана Ош шаардык Кеңешинин депутаттары, жергиликтүү тургундар катышышты.

Ж. Ормонов Арек айылынын тургундарын заманбап үй-бүлөлүк медициналык борборунун ачылышы менен куттуктап, медициналык борбордун ачылышына Жапалак аймагынын депутаттарынын зор салымдары бар экендигин белгилөө менен Ош шаардык Кеңешинин баалуу белегин тапшырды.

Ош шаардык Кеңешинин депутаты А.Осмонов жергиликтүү тургундардын атынан шаар жетекчилерине раазычылыгын билдирди.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)