Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин кезектеги IX сессиясы өткөрүлдү

Ош шаардык Кеңешинин кезектеги IX сессиясы өткөрүлдү

15 июнь 2022, Среда
524
0

Бүгүн, 15-июнда Ош шаардык Кеңешинин кезектеги IX сессиясы болуп өттүСессияны баштоодон мурун төрага Салман Назылбеков Ош шаардык Кеңешинде болгон өзгөрүүлөр менен тааныштырып кетти, анда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын чечимдерине ылайык “Ата-Журт Кыргызстан”  депутаттык фракциясынан Караева Айгуля Адилбековна, Акматова Уларкан Жидебаевна жана Турсунбаева Бахтиярхан Нематжановна өз каалоолору менен  берген арыздарынын негизинде депуаттык мандаттарын   тапшырышып, депутаттык ыйгарым укуктарынан  мөөнөтүнөн   мурда ажыратылышты.  Караева Айгуля Адилбековнанын  жана  Акматова Уларкан Жидебаевнанын  ордуларына “Ата-Журт Кыргызстан”  депутаттык фракциясынан  Шатманова Эльмира Бакировна жана Мирзаева Раида Асилбековна депутаттык мандат алып келишти.  Ошондой эле   мурда  депутаттык мандатын  тапшырган “Биздин Кыргызстан”  депутаттык фракциясынын мүчөсү Каналиев Улан Касымовичтин ордуна Раимов Эмилбек Жеңишбекович депутат болуп келди. 


Жалпысынан кезектеги сессияда 12 маселе каралды. Алар:
 
 

  1. Ош шаарында жашы жете элек өспүрүмдөр арасында   укук  бузуулардын  жана   кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча   аткарылып жаткан иштер жөнүндө;
  2. Ош шаарында тазалыкты  сактоо, жашылдандыруу,  көрктөндүрүү жана  турак-жай коммуналдык чарбасын өнүктүрүү боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын аткарып жткан иштери  жөнүндө;
  3. Ош шаарында инвестиция тартуу, ишкердикти колдоо, тышкы экономикалык байланыштарды түзүү  боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө;
  4. Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө;
  5. Ош шаардык Кеңешинин  2022-жылдын  29-мартындагы “Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарды  бөлүп берүү” жөнүндөгү  №38 токтомуна   өзгөртүү киргизүү жөнүндө;
  6. Муниципалдык  аймактык   башкармалыктардын аткарып жаткан иштеринин натыйжалуулугу жөнүндө;
  7. Ош шаарында  үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн жана эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүнүн  тартиби жөнүндө”  Жобону бекитүү жөнүндө ;
  8. Ош шаарына автобустарды  сатып алуу үчүн “Кыргыз-Өзбек” өнүктүрүү фондунан  насыя жана республикалык бюджеттен  максаттуу трансферт алууга макулдук берүү жөнүндө;
  9. “Ош шаарынын мэриясынын  жүргүнчүлөр транспортунун агенттиги” муниципалдык ишканасынын диспетчердик түйүндөрүнүн кызмат акыларын жана шаардык кичи автобустук каттамдарында жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтарын  көрсөтүүчү субьекттери үчүн франшиза наркын жогорулатуу жөнүндө;
  10. Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын курамдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө;
  11. Ош шаардык Кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө;
  12. Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө.


Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын кызыгуусун жараткан ар кандай суроолорго жооп алышкан соң, тиешелүү токтомдорду кабыл алышты.



Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)