Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү

Туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү

12 декабрь 2022, Понедельник
354
0


Бүгүн, 12-декабрда Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү.

Отурумду туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Э.Арзиев алып барды. Отурумга Ош шаарынын вице-мэрлери, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты.

Отурумдун күн тартибиндеги Ош шаарынын 2022-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду бекитүү жөнүндөгү маселе эл өкүлдөрү тарабынан кызуу талкууланып, Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясынын кароосуна сунушталды. Ошондой эле бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылга карата иш-планынын долбоору талкууланып, депутаттар тарабынан айтылган сунуштардын негизинде өзгөртүү киргизилип, сессиянын кароосуна жиберилди. 

Андан сырткары күн тартибиндеги каралган башка маселелер да отурумдун чечиминин негизинде сессиянын кароосуна сунушталды. 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)