Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбековдун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата куттуктоосу.

Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбековдун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата куттуктоосу.

23 июнь 2022, Четверг
622
0


Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!


Сиздерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик күнү менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан куттуктайм!

Ишиңиздерге албан ийгиликтерди каалап, мамлекетибиз, элибиз үчүн ак кызмат кылууга баарыңыздарды чакырам жана Сиздерге бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бактылуу турмуш каалайм.

Өлкөбүздө саясий туруктуулукту орнотууда, мамлекетибиздин өсүп-өнүгүү жолуна түшүүсүнө ар бир адам өз жарандык позициясын көрсөтүп келе жатат. Азия өлкөлөрүндөгү эң байыркы калк катары тамырыбыз тереңде экенин социалдык, улуттук эс-тутумубузду жаңылап, өзүбүздүн руханий байлыгыбызга, башатыбыздын бийик экендигин баарыбыз билебиз. 

Кубаттуу Кыргыз мамлекетибизди, анын ичинде Ордолуу шаарыбызда жашап жаткан элибиздин жашоо-шартын жакшыртуу биздин эң негизги максатыбыз. 

Алдыбызда өнүгүүнүн, маалыматтык-технологиялык доордун, ааламдашуунун сыноолору турат. Биз жалпы элдик ынтымакты жана туруктуулукту мындан ары да бекемдөө менен күчтүү, бейпил жашоого жана эмгектенүүгө ыңгайлуу коомду курууга карай ишенимдүү кадам жасоого тийишпиз.

Мындай бийик максаттарга жетүүдө мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында эмгектенген кызматчылардын орду жана ролу зор. 

Ош шаарынын эли сиздерден ак ниеттүүлүктү, мекенчилдикти, мээнеткечтикти, кесипкөйлүктү, иштиктүү чечимдер менен чечкиндүү аракеттерди күтөт.

Андыктан, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, баарыңыздарга чың ден соолук, узун өмүр, бак-таалай каалайм. Алла-Таалам элибизге биримдик, жерибизге береке берсин.

Майрамыңыздар менен!

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)