Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү

15 декабрь 2022, Четверг
441
0

Бүгүн, 15-декабрда Ош шаардык Кеңешинин  архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму  болуп  өттү. 


    Отурумга туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы  Шахназар Бакир уулу, туруктуу депутаттык комиссиянын курамына кирген депутаттар Нуркыз Кадырбек кызы, Алтынбек Зайнидинов, Арыпбек Айтбаев, Кушбак Шайиев, Эмилбек Раимов катышты.


Күн тартибине ылайык 3 маселе каралып, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылга карата иш планын бекитүү боюнча маселеси Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)