Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинде туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү

Ош шаардык Кеңешинде туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү

16 декабрь 2022, Пятница
328
0

     2022-жылдын 15-декабрында   Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты  маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болду.

Отурумду комиссиянын төрагасы Б.Баетов алып барып, күн тартибинде комитеттин отурумдарынын протоколдук тапшырмаларынын аткарылышы боюнча маселелер каралды.

Социалдык обьектердин мөөнөтүндө бүктөрүлүп пайдаланууга берилбей жаткандыгы боюнча Ош шаардык мэриянын кызматкерлерине жана тиешелүү кызматтардын жетекчилерине  депутаттар тарабынан суроо талаптарын жана сунуштарын беришти. 

Андан  кийин “Жапалак” аймактык башкармалыгына караштуу “Арек” айылындагы пайдаланууга берилген №83 балдар бакчасын жеринен барып көрүшүп, тиешелүү кызматтарга кемчиликтерин оңдоо боюнча тапшырмалар берилди. 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)