Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Депутаттык топ Ош шаарынын Ленин көчөсүнүн №442...506 үйлөрдүн тургундарынын арызы менен жеринде таанышып келди.

Депутаттык топ Ош шаарынын Ленин көчөсүнүн №442...506 үйлөрдүн тургундарынын арызы менен жеринде таанышып келди.

28 июнь 2022, Вторник
464
0

2022-жылдын 28-июнунда Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Назылбеков С.С., депутаттар Арзиев Э.М., Баетов Б.Т., Ош шаарынын Ленин көчөсүнүн №442...506 үйлөрдүн тургундарынын арызынын негизинде, Ленин көчөсүндөгү жеке менчик үйлөр жайгашкан жер тилкелеринин талашка түшкөн себептери  менен жеринде таанышып келди.

Жеринде таанышуу учурунда аталган даректердеги жер тилкелеринин талашка түшүү себептери боюнча “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ош филиалынын өкүлдөрүнүн жана тургундардын маалыматтары угулду. 

Депутаттар тарабынан жеринде таанышуунун жыйынтыгында аталган жер тилкелерине тиешелүү укуктук иш кагаздары менен терең, ар тараптуу танышып, маселени профилдик туруктуу депутаттык комиссиянын отурумунда кароо сунушталды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)