Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын 2022-жылдын 25-ноябрында делегаттар тарабынан айтылынган сын-сунуштардын аткарылышы боюнча маалымат

Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын 2022-жылдын 25-ноябрында делегаттар тарабынан айтылынган сын-сунуштардын аткарылышы боюнча маалымат

16 декабрь 2022, Пятница
1 222
0

    2022-жылдын 5-ноябрында өткөн Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын Курултайында делегаттар тарабынан айтылган сын-сунуштар шаардык Кеңеш тарабынан жалпыланып, шаардык мэрияга аткаруу үчүн жөнөтүлгөн. Ош шаардык Кеңеши жогоруда аталган сын-сунуштардын аткарылышы боюнча төмөндөгү маалыматты эске алуу үчүн шаар тургундарына билдирет:


Ким тарабынан      

    айтылды

Айтылган сын-сунуштардын мазмуну

Аткарылышы боюнча маалымат

Делегат Мамытов

Туран аймактык башкармалыгында жол маселеси аябай оор. Мектеп маселеси дагы көйгөйлүү маселе. Жайдын күнү суу маселеси да бар, жайдын күнү суу маселеси басымдуулук кылат

       2022-жылы №1 “Туран” МАБна караштуу Т.Нурматов көчөсүнүн 200 м. жолун асфальттоо иштери, Толонов көчөсүнө Королев көчөсүнөн Ишматов көчөсүнө чейин жолдун эки тарабындагы тротуарларды асфальттоо иштери, Королев көчөсүнө тротуар жана тирөөч дубал (подпорная стена) куруу иштери аткарылды.

       Ош шаарынын бардык эле аймактарында окуучулар нормадан бир топ эле көп окуп жатышат. Баарыбызга белгилүү болгондой, шаарыбыздагы орто мектептердин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп келет. Жаңы мектеп курууга шаар аймагынан жер аянтын табуу маселеси да оор болууда. Мектеп салып берүүнү каалаган инвесторлорго учурдагы мектеп аянттарынын бош турган бөлүктөрүнө кошумча имарат салууга сунуштар берилүүдө.

       Туран  аймактык башкармалыгынын баардык жерине суу өлчөгүч приборлор орнотулуп, суу  маселеси чечилген.

Делегат

Ош шаарында саат 12ден 8ге чейин пробка болуп жатат. Шаарда Юго-Востоктон чыксан ХБКга эки саатта жетесиң. Эң биринчи маселе жолду караш керек. Мына грузовой машинага жол киргизиш керек, делегаттар ушул нерсени киргизсек. Себеби, баары эле жөн кетиргиси келбейт да убактысын, шаардын ичи бүт пробка Араванский, Келечек, Макаренко, Зайнабединова бүт пробка, ошону карап берсениздер 

            Ош шаарындагы автотыгындардын күн санап өсүүсүнүн бирден бир себеби автоунаалардын санынын өсүшү, ал эми жолдордун тардыгы жана жөө адамдар үчүн жер астынан-үстүнөн өтүүчү өтмөктөрдүн жоктугу.

            Шаар ичиндеги жолдорду кеңейтүүгө, жөө адамдар үчүн жер астынан жана үстүнөн өтмөктөрдү куруу, шаарды айланып, өтүүчү жолдорду куруу, жаңы жолдорду ачууга көп суммадагы акча каражат талап кылат. Ошондуктан автоунаа тыгындарын чечүүнүн убактылуу жолу жол кайгуул кызматкерлери тарабынан шаардын чоң кесилиштерин эрте менен жана кечинде автоунаа кыймылын жөнгө салуу иштери жүргүзүлүүдө.    

         Азыркы убакта жол тыгындарын алдын алуу боюнча Ош шаардык ИИБгы боюнча МККБү тарабынан атайын иш-мерчем иштелип чыгып, кызматкерлер бөлүнүп, жол тыгындарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында тынымсыз иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

       Күн сайын саат 17:00дөн жол тыгындары жоюлганга чейин жол кесилиштеринде кызмат өтөшүүдө.

          Азыркы убакта Ош шаарында 95 966 автоунаа каттоодо турса, бир күндө Ош шаарына 110 000 автоунаа кирет ал эми жолдун узундугу 695,3 чакырымды түзөт. Бул жолго баардык автоунааларды батырууга мүмкүн эмес. Бирок ошого карабастан Ош шаардык ИИБ боюнча МККБү жол тыгындарын болтурбоо боюнча жумуш алып барууда. 

Бакыев Айдар

Мен Сулайман Тоо муниципалдык аймак башкармалыгынан сүйлөп жатам. Муниципалдык аймактык башкармалыктын жанында Гагарин мектеби бар. Мектептин айланасы кысылып кеткен, асфальт жок. Ош шаарындагы илгерки салынган брусчаткалар алынып салынып жатат. Ош шаарындагы биринчи кыргыз мектеби бул, мен канча жолу ата-энелердин атынан да айттым, шаардык Кенешке кайрылдым, Жогорку Кенешке кайрылдым, эч кимиси кылып бере албай жатат.

Ош шаарынын мэриясынын “Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасы тарабынан 2022-жылда                    37 көчөнүн тротуарларын куруу иштери пландалган. Пландалган 37     көчөнүн 19 көчөдөгү тротуарлары               2022-жылы курулуп, колдонууга берилди. Ленин көчөсүндөгү тротуарды (А.Навои көчөсүнөн Аматов көчөсүнө чейинки аралыгында) оңдоп-түзөө жана асфальт басуу иштери 2022-жылдын эсебинен жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк болбогондуктан 2023-жылдын иш-планына киргизүү менен бюджеттик комиссияга сунушталат. Бюджеттик комиссия тарабынан сунуш колдоо тапса, аткаруу иштери бекитилген иш-планга ылайык жүргүзүлөт. Аны менен бирге Ленин көчөсүндөгү Гагарин мектебинин алдындагы тротуарды оңдоп-асфальттоо иштерин аткарууга мүмкүнчүлүк жаралат.

Ал эми,     тротуарларды куруудагы чыгып жаткан жарамдуулугу бар брусчаткалар  ар муниципалдык аймактагы орто жана мектепке чейинки билим берүү обьектилеринин кайрылууларынын негизинде имараттарынын алдына төшөө үчүн берилип жатат.

Эркин Абдыразаков

Амир-Темур муниципалдык аймактык башкармалыгынан эки маселени көтөргүм келет. Биринчиси, Амир-Тимур шаарчасында 60 миңден ашык жашоочу бар, эл жыш жашаган. Өзүңүздөргө белгилүү шаардын ичинен көчүп чыгып, турмуш тиричилигин баштаган эл да. Эгерде суу, газ, жол маселесин чечип бербесек, булар дагы анклав болуп, бир проблеманы алып келет. Ошондуктан баарыбыз биригип, бир класста 45ке чейин бала окуп жатат үч сменге чейин, ушул көйгөйдү биринчи очередде чечип албасак, биз албетте элди таарынтып алабыз. 


Экинчи маселе, Ош шаары экинчи борбор деген статус алган Түрксойдун чечими менен, Ош шаары борбор деп эсептелинет. Себеби  дегенде, Ош шаары менен Кара-Суунун кашасы чыгып кеткен. Территориальный административный реформа жүрмөйүн сайын, биз санарипти дагы келечекте душевой өзүнүз жакшы билесиз Сыймык мырза, душевой потребление бюджетированиени тандабайбыз ушул маселени. Мына шаар өсүп жатат, шаарда 230 миң киши. Эч кандай өзүбүздү өзүбүз алдабайлы, биз генеральный планды жакшы жолго койолу десек, административный реформаны тез арада баштап, элдин ырыскысын өзүнө берели. Бизди Республика пайдаланганы менен шаардык митингдин пайдасы жок.

            №5 “Амир-Темур” МАБна караштуу аймакта                     2022-жылы №177 көчөгө тротуар куруу иштери аткарылды. Ал эми аймактын жолдорун асфальттоо иштерине акча каражат тартыш болгондугуна байланыштуу 2022-жылдын иш планына кирген эмес.

          Ош шаарынын бардык эле аймактарында окуучулар нормадан бир топ эле көп окуп жатышат. Жаңы мектеп курууга шаар аймагынан жер аянтын табуу маселеси да оор болууда. Мектеп салып берүүнү каалаган инвесторлорго учурдагы мектеп аянттарынын бош турган бөлүктөрүнө кошумча имарат салууга сунуштар берилүүдө.

          Европалык Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкы каржылаган «Ош шаарынын таза суу жана саркынды суу системаларын реабилитациялоо» долбоорунун II фазасынын алкагында Амир-Темур  МАБна 7000 дана суу өлчөгүчтөр орнотулган. Азыркы учурда таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздалууда.


Ош шаарынын 2025-жылга чейинки башкы планы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын                            29-мартындагы №160 сандуу токтому менен бекитилген. Башкы план 600 000 адамдын санына иштелип, Ош шаарынын өнүгүү стратегиясы камтылган. Ал эми, Ош шаарынын перспективалык кеңейүүсү боюнча да башкы планда көрсөтүлгөн, ал жер тилкелер келечекте Кара-Суу районунун аймагынан өтүүчү жер тилкелер болуп саналат. Ош шаарынын башкы планынын бир бөлүгү болуп саналган Шаар четиндеги аймактык долбоорунда шаардын перспективалык өнүгүүсү камтылган.




Жумагулов Султан

Манас-Ата аймактык башкармалыгынын негизги көйгөйлөрү менен келип жатам. Биринчи көйгөй, Манас-Ата аймактык башкармалык шаардын көп калктуу эң жыш жайгашкан аймагы болуп саналат. Ош облустук тери жана венерологиялык ооруканасы жайгашкан. Бул шаардык оорукана шаардын так ортосунда жайгашкан, мурда бала бакча болгон. Кандайдыр бир себептер менен ушул оорукана иштеп жатат. Тери жана венерологиялык жугуштуу оорулар болгондугуна байланыштуу, ал негизинен шаардын башка аймагына жайгашышы зарыл болчу. Бирок, бүгүнкү күндө ошол ооруканада жайгашкан адамдар, оорулуулар сыртка чыгып, Манас-Ата аймагында жашаган адамдар менен мамиле түзүп, соода жайларына чыгып, соода кылып жатат. Негизи андай жугуштуу жыныстык оорулар менен ооруган адамдар элден сырткары болушу зарыл болчу. 


Экинчи көйгөй, Манас-Ата аймагында мыйзамсыз курулуштар көп орун алууда. Шаардын генералдык планы так сакталбай, ­Өкмөттүн планына кеткен ижара план боюнча өзгөртүү жоболорун шаардык Кенештин депутаттары аркылуу ишке ашырылышы керек болчу.

Бүгүнкү күндө ага карабастан шаардык Кенештин депутаттарынан тактабай туруп, ал жерде жеке бизнес орноп, шаардын Манас-Ата аймагында мыйзамсыз курулуштар өтө көп. Ушул көйгөйлөрдү чечип коюшуңузду суранам. 

     №4 “Манас Ата” МАБна караштуу Салиева көчөсүндө №40 “д” дарегинде азыркы күндө Ош облустар аралык тери жана венерологиялык борбору ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Борбордун ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын  Президентинин  Ош облусундагы Өкүлчүлүгү көзөмөлдөйт. Имарат жана жер тилкеси мамлекеттин балансында турат. Өз учурунда  №56 “Юбилейный” аттуу бала бакча болгон.

           Азыркы учурда Ош шаарынын мэриясы тиешелүү мекемелер менен биргеликте аталган имаратты мурдагы калыбына келтирип мектепке чейинки балдарга билим берүү уюму катары пайдаланууну көздөп тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүп келе жатат. Бирок бул бир топ убакытты талап кылат. 

Ал эми учурда борбордо дарыланып жаткан оорулуулар сыртка чыгып, аталган аймакта жашаган жашоочулар менен мамиле түзүп, соода кылып оору жуктуруу коркунучу жаралууда деген  маселе боюнча Ош облусу боюнча кызматтын иш-аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик-санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна жеринде текшерүү боюнча тапшырмасы берилди. 


     Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу менен жергиликтүү жашоочуларга ынгайлуу шарт түзүп берүү максатында туруктуу иш алып барылууда. №4 Манас Ата МАБда жайгашкан көп кабаттуу турак үйлөрдүн айланасындагы өрт коопсуздук эрежелерине дал келбеген, өз билемдик менен тосуп алган тосмолорду, бастырмаларды, курулуштарды, соода түйүндөрдү жана көп кабаттуу турак үйлөрдүн 1-кабатындагы батирлерге улай салынган кошумча курулуштарды алып салуу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген.

       Бүгүнкү күнгө №4 Манас Ата МАБнын аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иштери кызуу жүрүп жатат. Тактап айтканда 67 даана темир гараж, 14 даана капиталдык курулуш, 73 дүкөнчөлөр, 22 контейнер, 3000 метрден ашуун темир тосмолор, 32 навес, 9 бетон тосмо, 8 шлагбаум жана 38 көрнөк жарнактар Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын мыйзамсыз курулуштарды алып салуу бөлүмү тарабынан бузулуп алынганын билдиребиз. Ал эми жеке бизнес орнотуп, соода жүргүзгөндөрдүн ичинен 148 жеке ишкерлер ижара келишимдин негизинде соода жүргүзүүдө. 

        Учурда Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы №4 “Манас Ата” МАБгы, Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы менен биргеликте мыйзамсыз курулуштарды аныктап, өз кезеги менен иш планга ылайык иш алып барышууда.

Атажанова Мариям

Мен Ош шаарынын тургуну катары билим берүү тармагына жана тартип тармагына сунуштарымды айткым келип турат. Бизде кыздар эрте эле турмушка чыгышат, ошол себептен, башка окуу жайларга 9дун базасы бар, ал эми медициналык колледжде 9дун базасын жаап койгон. А негизи илимдүү, билимдүү эне балдардын тарбиялуу болуп өсүшунө жакшы шарттарды түзүп берет. Ошол себептен медицина тармагында да, 9дун базасын ачып берүүнү сунуштап кетет элем.

 Мектептерде дагы санариптик пландоодо сиздер учетту алып койгонсуздар, баягы каалаган регистрация боло берсин деп. Ошол аймактагы учетко карап туруп, анан балдарды кабыл алуусу, андан сырткары апаларыбыз-аталарыбыз 10 жылдык билим берүүдө деле илимдүү, билимдүүлөр, жакшы ийгиликтерди жаратып келе жатышат. Ошон үчүн 10 жылдык окуу болсо деле туура эле болот, себеби биз балдардын убактысын, өмүрүн биз жөн эле жыл узатуу менен алып коюп жатабыз

Бул маселе     Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан чечилерин билдиребиз

     10 жылдык билим берүү системасына өтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  жана КРнын Жогорку Кенешинин деңгээлинде чечилчү маселе.

       Ал эми санариптик пландоодо туруктуу каттоо алынып салынган. Анткени Кыргыз Республикасынын баш мыйзамына ылайык     ар бир жаран жашаган аймагына карабастан акысыз билим алууга укуктуу деп көрсөтүлгөн.


Азимкулов Бегим

Ассалоому алейкум, Туран аймактык кенеши. Бизде эң көйгөйлүү маселе аптекалар болуп жатат. Чал-кемпирлер карыганда жашың дарыга калып калат экен, 200 сомдук дарылар 1400 болуп чыгып кетти. Баарын мамлекеттик  кылып койсонуздар болбойбу? 


Экинчи маселе, бензин каалагандай көтөрүлүп жатат. Муну контроль кылган эч ким жок. Качан карасаң, каалагандай көтөрүп жатышат. Ар бир заправкадан 3 сомдон уруп жатат, 1 литр куйсаң дагы 3 сомдон урат, 5 литр куйсаң дагы 3 сомдон урат. Мен айттым, эмне мындай кылып жатасынар, муну сотко ашырып жиберем, эмнеге карабайсыңар?- деп айттым унчукпайт, үч сом даже беш сом кылып жатышат

        Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын                       4-августундагы №301 буйругуна ылайык Ош шаарынын калкын, анын ичинде социалдык жактан муктаж жарандарды (I,II,III топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон жарандар, согуш ветерандары, ардагерлер ж.б.) сапаттуу дары-дармектерге, медициналык каражаттарына жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында социалдык дарыканаларын ачуу маселеси каралган.

        Бүгүнкү күндө шаар аймагында 3 социалдык дарыкана ачылып, ишке киргизилди. Алар:

- “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын Р. Абдыкадыров      көчөсүндө жайгашкан Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун имаратында;

- Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Каримов көчөсүндө;

-“Амир-Темир” муниципалдык аймактык башкармалыгынын С.Айни көчөсүндө жайгашкан Ош шаардык үй-бүлөлүк медициналык борборунун №11 филиалынын аймагында социалдык дарыканалар  ачылып,     ишке киргизилди.

        Социалдык дарыканаларда төмөндөгүдөй жеңилдиктер көрсөтүлгөн:

  • I,II топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 25% арзандатуу каралып, алар тарабынан анкета толтурулуп, дарыкананын тизмесине катталгандан кийин атайын карта берилет; 

                   - III топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга,   согуш ветерандарга, ардагерлерге 15% арзандатуу каралган; 

                   - аз камсыз болгон жана башка жарандарга 10% арзандатуу каралган.

         Бүгүнкү күндө “Туран”, “Курманжан Датка” муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун № 2, 10 филиалынын аймагына жана  “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгынын А.Масалиев кең көчөсүнүн            №1 дарегинде социалдык дарыкана ачуу пландаштырылууда.

          Ошондой эле Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалдарында Кыргыз Республикасынын Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун Кошумча жана Мамлекеттик кепилдиктер программаларынын негизинде камсыздандырылган жарандарды амбулатордук деңгээлде жеңилдетилген дары-дармектер менен камсыздоо максатында дарыканалар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондунун Ош аймактык башкармалыгы менен келишим түзгөн дарыканалар иштейт.


       Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын өз ыйгарым укуктарынын чегинде күйүүчү майдын баасына мониторинг жүргүзүү, рыноктогу кырдаалга талдоо жүргүзүү жана күйүүчү майга баанын негизсиз жогорулашына жол бербөө боюнча сунуштарды берүү жолу менен күйүүчү майдын баасынын өсүшүн ооздуктоо боюнча иштерди жүргүзүп келүүдө. Бирок, ишкерлерге баа боюнча түздөн-түз кийлигише албастыгын билдиребиз.

        Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү мамлекеттик стадантартизация жана метрология кызматы менен биргеликте конкретттүү май куйуучу жай жөнүндө фактылар (аталышы, жайгашкан жери ж.б.) берилсе, мыйзам чегинде иштер жүргүзүлүп, чаралар көрүлөрүн билдирет 

Делегат

Биз кыргыз каада-салтыбыз менен, үрп-адатыбыз менен, тилибиз менен кыргызбыз. Ошол кыргыз экенибизди сакташ үчүн үрп-адатка, каада-салтка көнүл буруп, теле-радио айрыкча, окуу системаларына да ушул багытты багыттап, берип коюшунузду суранам.

      Мамлекетибиздин идеологиясын көтөрүүдө эл агартуу системасынын, теле-радионун, интернеттин  ролу зор. Эң башкы милдет — жаш муундарга улуттун өзүн-өзү таануусун, өздүк иденттүүлүгүн калыптай турган гуманитардык билимдерди толук кандуу сиңирүү. Бул процессти күчөтүүдө кыргыз тили, кыргыз адабияты, кыргыз тарыхы сабактары милдеттүү түрдө бардык мектептерде окутулуп келүүдө

       Ош шаарынын аймагындагы мамлекеттик жалпы билим берүү мектептеринде атайын улуттук бурчтар, канаалар ачылган. Атайын боз үйдүн жарым бөлүгү тигилип ал жерде улуттук баалулуктар, каада-салттар көрсөтүлүп туруучу маданий, таанып билүү иш-чаралары байма бай өтүп турат. 

Кадыров Талант

Жапалак айыл аймагы. Бул жерде баары шаардык болгон үчүн шаардагы эң көйгөйлүү маселелерди өзүнүздөр билесиздер, жамгыр көбүрөөк жаап, Ак-Буурага сел келсе, ичкенге суу эмес, туалетке да кире албай каласыздар. Ушул маселе канча жыл болду, жамгыр жааса, шаарда таза суу жок. Суунун башында туруп, таза суу иче албайбыз, бул биринчиси. 


Экинчиси, бүгүнкү күндө Ош калаабы, же базарбы деген маселени көтөргүм келип жатат. Мына борбордук аянттан, мэр отурган жерден 500 метр батыш жакка карап жүрсөк темир базар, отун базар, жыгач базар, көмүр базар кыскасы базар, 1 км. ылдыйга жүрө турган болсок, басканга жер жок, ошондуктан мына пробка деп жатабыз. Медик жүргөн жерден дагы, врачтын жолу дагы, дыйкандын жолу дагы, бардык адамдын жолу бир болуп калды, ошол базар аркылуу өтөбүз. Эски Саидмухтар Кара-Суу көчөгө кирип чыкканга мүмкунчүлүк жок. Базар менен шаар жуурулушуп жатып калды. Ошондуктан пробканы жоготуш үчүн ошо темир базар, отун базар, кийим базар, кыскасы ошол дүн базарларды шаардын  сыртына алып чыгыш керек. Шаарга келейин десен базарга келесин, базарга барам десен шаарга келесин. Экөө жуурулушуп жатып кеткен. Коншу     өлкө Андижанга барып көрүнүздөр, Ташкентти айтпай эле койоюн, чон базарлары сыртта. Ошон үчүн шаар менен базарды ажыратып берин мамлекет.

Ош шаарында жаан-чачын болгон мезгилде, Озгур айылынын жогору жагында жайгашкан “Кызыл-Кыштак” коктуларынан сел жүрүп, Ак-буура дарыясына түшүп, дарыядагы суу ылайланат. Ошол учурда шаарга таза берүү убактылуу үзгүлтүккө учурайт. Аталган маселени чечүү үчүн Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан суу алуучу тосмону сел түшкөн жайдан жогору жылдыруу жана узундугу 2,4км., диаметри. 1000 мм., болгон эки суу түтүгүн куруу долбору иштелип чыгып, Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан каржылоо маселеси грант түрүндө чечилген. 2022-жылдын                        9-сентябында аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн тендер өткөрүлүп, тендерге 3 компания катышкан, бирок 3 компания тең тендердик талаптарга жооп бербегендиктен кайра тендер өткөрүү чечими кабыл алынган.                    2022-жылдын 25-ноябрында кайрадан     тендер өткөрүлүп,           2 компания катышып документтер текшерилип, Азия Өнүктүрүү Банкына макулдашууга жөнөтүлгөн. Аталган тиешелүү документери бүткөн соң, тендерден уткан компания менен келишим түзүлүп, курулуш иштери башталат.


Ош шаарынын жашоочуларына жакшы шарт түзүү,  жол тыгындарын азайтуу менен Ош шаарынын социалдык экономикалык жактан мындан ары да өсүп өнүктүрүү максатында Ош шаарынын борбордук базарын Ош-Араван трактсынын Көкүм-Бий көчөсүндө жайгашкан “Жапалак унаа базары” муниципалдык ишканасынын чыгыш тарабында жайгашкан  муниципалдык жер тилкесине жылдыруу пландаштырылууда.

      “Жапалак унаа базары” жайгашкан жалпы аянты 36,0 га болгон жер тилкеси “саздуу жараксыз айдоо жерлер” жер тилкесинин категориясынан “калктуу конуш” категориясына өзгөртүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилип, мурда Жапалак айыл Өкмөтү болуп турган мезгилде аталган жерлерди ар кандай аянттарга бөлүп убактылуу ижара шартында пайдаланууга берилип, ижарага алган жарандар тарабынан өз убагында бошотуп бербегендигине байланыштуу, соттук териштирүүлөр жүрүп, натыйжасында Ош шаарынын мэриясынын пайдасына чечилген.

      Бүгүнкү күндө, Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө”  Мыйзамынын талаптарына ылайык, аталган жердин менчик ээсин аныктоо боюнча корутундулар алынып, жер тилкесине болгон мамлекеттик акт алуу үчүн “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ош филиалына Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана сот органдарынын Ош шаарынын мэриясынын пайдасына чечилген чечимдерин каттоо иштери аткарылууда.

        Ушул жылы “Жапалак унаа базары” жайгашкан жалпы аянты 36,0 га Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын балансына мамлекеттик акт алгандан кийин Кыргыз Республикасынын Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө  Мыйзамынын негизинде,  “саздуу жараксыз айдоо жерлер” жер тилкесинин категориясынан “калктуу конуш” категориясына өзгөртүү боюнча чечимдерди кабыл алынат.

Жер участоктору  “калктуу конуш”                                                                                                                         категориясына которулган күндөн баштап, Ош шаардык борбордук базарын шаардын сыртына жылдыруу үчүн архитектуралык кулуш долбоорун иштеп чыгуу боюнча тиешелүү мекемелерге тапшырмалар берилет.

Пайзылдаев Мухтар

Саламатсыздарбы, мен Керме-Тоо аймагынан                       2 маселени  айткым келет. Бизде аймакта Алай, Төлөйкөн, Керме-Тоо, СМУТ айылында 30 минден ашык калк жашайт. Мен өзүм поликлиникада учетто турган адам катары ошол жерде кыштын суугунда, саратандын ысыгында жаш балдардын ыйлаганын, боюнда бар энелердин кыйналганын, кары-картандардын кыйналганын көзүм менен көрүп жүрөм. Менин сунушум бар эле, ошол аймакка типтүү поликлиника куруп берсе деп жергиликтүү бийликке да кат менен кайрылабыз. Биз ошол жактан маселени чечип берип коюшунуздарды суранабыз. 

Экинчи маселе, биздин мамлекетибиздин идеологиясы жөнүндө сөз кылгым келет. Мен педагог катары мектепте иштеп жүргөнүмдө динге жамынып алып, түрдүү агымдар тескери тарбия берип, багыт берип жатканын мамлекетибизге тоскоол кылып жатканын мен көзүм менен көрүп жатам. Эки мисал айтам. Мектепте иштеп жатканда, физкультурник мугалим кирди. Агай, мен мына 3 кызга чейрек чыгарбайм, эртеге мени сөкпөйсүз деди. Эмнеге десем, бизде шариат жол бербейт чечингенге, спортивный форма кийсек, бутубуз колубуз көрүнүп калат, биз күнөө болобуз деди. Кийин 2-класстын класс  жетекчи мугалими 2 энени алып келди оронгон. Алар айтып жатат бизге, мектепте сүрөт сабагын окутпайсынар, киргизбегиле деп жатат, сүрөттү тарткан     Алланын сүрөтүн тарткан менен барабар, балдарыбыз күнөөгө батып жатат деп жатат. Музыка сабагын окутпайсыздар деди. Бала азанды, куранды гана угуш керек дейт. Көрдүнүздөрбү, бара-бара мамлекеттин идеологиясына ультиматум коюп жатышат. Ушул маселени эртеге чечип албаса эртеге, бүрсүгүнү кеч болуп калат.

       Ош шаарынын “Керме-Тоо” муниципадык аймактык башкармалыктарынын аймагында Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун №3, 5 филиалдары жайгашкан. Филиалдардын имараттары эскирген, капиталдык оңдоп- түзөө иштерине муктаж. Учурда Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борбору тарабынан №3 филиалдын имаратына оңдоп- түзөө иштери жүргүзүлүүдө.

        Ал эми 2020-жылы Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (АРИС) программасынын “Энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу, калыбына келтирүү, жылуулук менен камсыз кылуу” долбоорунун алкагында №5 филиал тандалып алынып, имараты жалпы  15 млн. сомдук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү алдында турат.


Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дин тутуу эркиндиги берилген. Эч бир окуучуну кийимине же болбосо карманган көз карашына ылайык кодулоого жол берилбейт. Мектеп программасы боюнча гана окутуулар жүргүзүлөт, эч кимге сабактарга кирбей коюуга же кайсы бир сабактарды окубай коюусуна жол берилбейт.


Делегат

Саламатсыздарбы урматтуу төрага, делегаттар. Сулайман-Тоо округунан, менин айта турган көйгөйүм протокол катары жазылсындеп суранам. Бул шаардын эле эмес областтын, общий республикалык денгээлдеги көйгөй. Мен как балам аутист катары айтып кетейин дегем, бизде азыр шаарда кимдин үй-бүлөлөрүндө ушундай балдар төрөлсө, бул көйгөйдү жакшы билет. Биздин балдарды аутист, дцп, синдром Дауна ушуларды садикке албайт, экинчиден, частный школага алып барсан, 40 минутуна 10 мин сом, 2 саатына 16 мин сом төлөйбүз. Рефлекс терапия деген аппарат бар, Ташкентте бар болчу. Ташкентке барып, лечение кылганга ар бир адамдын чөнтөгүнө, расходуна туура келбейт, жетишпейт. Бишкекке чыгып, ар бир 6 ай сайын чыгып, Ташкентке чыгып, лечение кылып жатышты, 15 күнүнө 60 мин сомдой лечение  кылып жатышты. Ушул көйгөйдү бизге Ошко же Республикага мамлекеттик денгээлде ачып берип, ошол аппараттарды алып келип берип, минимальный эн аз суммадагы лечениени кылып беришинизди суранабыз, же Ошко ачып бериниздер, ушуну киргизип бериниздер.

      Ош шаарында “Даун синдрому” (геномдук патологиянын бир формасы) менен жабыркаган балдар Ош шаардык кыймыл-таяныч тутумундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден-соолугун калыбына келтирүү борборунда стационардык жана амблатордук дарыланууга келип, дарыланып турушат.  

       Борбордо балдарга симптоматикалык дарылоо жүрүзүлөт, көбүнчө балдарды жаратылыштын табигый жана жасалма таасир берүүчү заттары менен дарылашат. Табигый заттар менен дарылоого күндүн нуру ваннасы, таза аба, дары чөптөр, суу аркылуу дарылоо кирет. Ал эми жасалма заттар менен дарылоого жылуулук, электр, жарык, парафин, амплипульс, КУФ, дарсонваль, инголяция аппараттары аркылуу дарылоо кирет.

         Бишкек, Ташкент шаарларындагы рефлексотерапия, мындайча айтканда микро ток менен дарылоо аппараты Ош шаарында жок. Ушуга байланыштуу 2023-жылы Ош шаарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен “Даун синдрому” менен жабыркаган балдарды дарылоо үчүн рефлексотерапия аппаратын сатып алуу боюнча сунушталаарын маалымдайбыз.

Делегат

Экология жөнүндө эч ким айтпады, ошону айтып койоюн. Шаардын көркүн ачкан Сулайман-Тоо көрүнбөйт туман, муну бир деп коюнуз. Экинчиден, микрорайондо жайгашкан элдерге автономный кафени куруш керек деп ойлойм, сунушум. Канчалган эл бир жерден питатся этип калса жакшы болмок

     Ош шаарынын айланасында жайгашкан жер үйлөрдө көмүр көп жагылгандыгына жана шаарда эскилиги жеткен автотранспорт көп болгондугуна байланыштуу шаарда (смог) күз-кыш айларында көп байкалат. Бүгүнкү күндө Кыргызгидромет ишканасы тарабынан көзөмөлдөнүп турат.

       Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгы тарабынан калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, каттар жолдонгон.

         Ошону менен бирге Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте 2021-2026-жылдарга экологиялык коопсуздук жана климаттык туруктуулукту камсыздоо боюнча                   2021-жылы  комплекстүү иш-план түзүлүп, эки тараптуу болуп бекитилген. Иш-чаранын бир пунктунда Ош шаарында жайгашкан от казандардын башка (альтернативный вид, газ, эл. энергия) түрүнө өтүү жагы каралган.

Батыров Акбарали

Делегаттарга сунуш катары бир сөзүм бар эле. Биздин Ош шаарынын көйгөйү  айрыкча, мына базарлар жөнүндө, канализация, садик бүт маселелер боюнча айтылды. Мен делегат катары сунуш берет элем, ошол жерге барганда катты бергенде, бийликте отурган жетекчилерибизге, депутаттарыбызга азыр бүгүнкү күнгө угуп жатат, кат жүзүндө  кайрылсаныздар. Ош шаарыбыздын бүт жагын кайрадан реконструкциялоо ишин жүргүзүшүбүз керек. “Реконструкция” деген сөз түп тамыры менен пландаштырып туруп, башкадан  курганга мамлекетибизге жардам беришибиз керек. Бул муниципалдык кызматтын, биздин Ош шаарыбыздын бюджетинин эсебинен бүтпөй турган нерсе. Мына өзүңүздөр көрүп жатасыздар, кечке базарда отуруп соода кылып, үйүнөргө эки жарым саатта жетип жатасыздар, бала чака, өзүбүз. Республикалык бюджеттен Ош шаарына чонураак 5 жылдык мөөнөт менен плановый суммаларды бөлүшсө бизге, Ош шаарын экинчи борбор деген статуска ылайык шаарга айландырып берсе, ошол биздин сураныч     

Сунуш эске алынды

kurultaj-syn-sunush.pdf [267,18 Kb] (cкачиваний: 35)

Посмотреть онлайн файл: kurultaj-syn-sunush.pdf
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)