Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү

16 декабрь 2022, Пятница
501
0


     2022-жылдын 16-декабрында Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы М.Маматов, комиссия мүчөлөрү, депутаттар И.Турдуев, Д.Абдибаева, Б.Жолдошбаев, А.Салиева, Ашимжан кызы Айпери, Ош шаарынын вице-мэри С.Джунусбаев жана башка мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте кезектеги отуруму болуп өттү. 

     Райондук электр тармактар ишканасынын, Ош шаардык электр энергия сатуу мекемесинин жана “Ошсвет” муниципалдык ишканасынын аткарып жаткан иштери жөнүндө, Ош шаарынын мэриясынын шаардагы ээлери жок электр көмөк чордондорун райондук электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүү боюнча жана Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасынын, «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасынын жана «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын автопаркындагы эскилиги жеткен, жараксыз автоунааларды эсептен чыгаруу (списание) боюнча Жобосун бекитүү жөнүндө муниципалдык менчик башкармалыгынын аткарып жаткан иштери жөнүндө эл өкүлдөрү тарабынан кызуу талкууланып, тапшырмалар берилди. Депутаттар тарабынан берилген суроо-талаптардын жыйынтыгы боюнча Ош шаардык Кенешинин сессиясында маселелер карала тургандыгы белгиленди. 


Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)