Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Бүгүн, Ош шаарында Кыргыз Республикасынын салык кызматкерлеринин күнү белгиленди

Бүгүн, Ош шаарында Кыргыз Республикасынын салык кызматкерлеринин күнү белгиленди

05 июль 2022, Вторник
620
0

 5-июлда Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгында Кыргыз Республикасынын салык кызматкерлеринин күнүн белгилөө боюнча иш-чара болуп өттү. Бул иш-чарага Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Э.Арзиев катышты. Ал өз сөзүндө салык кызматкерлеринин Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын белгилөө менен жоопту иштерине ийгиликтерди каалап, бул тармакта үзүрлүү эмгеги менен айырмаланган бир катар кызматкерлерди  Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлады.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)