Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы 2022-жылдын 27-декабрында өткөрүлөт

Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы 2022-жылдын 27-декабрында өткөрүлөт

19 декабрь 2022, Понедельник
357
0

     Бүгүн, 19-декабрда Ош шаардык Кеңешинин президиумунун отуруму болуп өттү. Анда Ош шаардык Кеңешинин  кезектеги сессиясын  өткөрүү   маселеси жана  сессиянын  күн тартибинин долбоору  каралды.

   Президиум мүчөлөрүнун сунуштарынын   негизинде, Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясын  2022-жылдын 27-декабрында  өткөрүү   чечими кабыл алынды.  Ал эми, сессиянын күн тартибине  18 маселени киргизүү сунушталды.  Белгилей кетүүчү нерсе, сессиянын күн  тартиби  сессияда бекитилет. Президиумдун отурумун Ош шаардык Кеңешинин  төрагасы Салман Назылбеков алып барды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)