Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Урматтуу шаарыбыздын тургундары! Кадырлуу момун мусулмандар!

Урматтуу шаарыбыздын тургундары! Кадырлуу момун мусулмандар!

09 июль 2022, Суббота
691
0


Сиздерди ыйык Курман айт майрамы менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан чын дилимден куттуктайм!

 Бул ыйык күнү бизге өмүр берген Жаратканга тобо кылып, шүгүрчүлүк келтирүү бардык момун мусулмандардын парзы экендигин билебиз. 

Андыктан, майрамды жакындарыбыз менен бирге жаркын маанайда өткөрүп, колдоого муктаждарга көңүл бөлүп, маркумдарга куран окуп, дуба айталы. 

Баарыбызды ислам динибиз ынсаптуу болууга, тынчтыкка, сабырдуулукка, ыймандуулукка чакырат. Жараткандан берилген өмүрдү кор кылбай, адал жана татыктуу жашап өтүү – ар бирибиздин милдетибиз. 

Эгемен мамлекетибизде жарандарыбыздын дин тутуу эркиндиги толук камсыздалгандыгы элибизди биримдикке жана ынтымакта болууга шарт түзүп, көп улуттуу Ордолуу Ош шаарыбызда стабилдүүлүк өз нугунда сакталып келүүдө.



Ошондуктан, улуу Орозо жана Курман айт мамлекеттик майрам болуп, баарыбызга кубаныч тартуулап келет. 

Коомчулук күбө болуп жаткан дүйнөдөгү терс жана жат көрүнүштөр бардыгыбызга тынчтык менен ынтымак өтө зарыл экендигин айгинелеп турат. Демек, ар бирибиз сабырдуулук менен адамгерчиликтин үлгүсүн көрсөтүүгө тийишпиз деп эсептейм.

Бул күндөрү ыйык Мекке шаарында ажылык парзын аткарып жүргөн бир туугандарыбыздын, шаарыбыздын тургундарынын ниеттери кабыл болсун, Мекенибизге аман-эсен кайтып келишсин! 

Элибизде ынтымак, жергебизде береке болсун! 

Өсүп, өнүгүп жаткан Ордолуу Ош шаарыбызда дайыма кут береке жана тынчтык орносун! 


Айтыңыздар маарек болсун!

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)