Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында Улуттук коопсуздук кызматкерлеринин күнү белгиленди

Ош шаарында Улуттук коопсуздук кызматкерлеринин күнү белгиленди

20 декабрь 2022, Вторник
381
0


     Бүгүн, 20-декабрда Ош шаарында Улуттук коопсуздук кызматкерлеринин күнүнө карата Ош улуттук драма театрында иш-чара болуп өттү. Ага Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Уристем Манапов жана укук коргоо органдарынын жетекчилери катышышты.


  Төрага Салман Назылбеков  бул тармактын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, мамлекетибиздин коопсуздугун, конституциялык түзүлүшүн жана аймактык бүтүндүгүн ички жана тышкы коркунучтардан коргоо үчүн тыным албай кызмат өтөп,  Ата Мекенге берилген мекенчилдиги калың эл, калайык журтубуздун, айрыкча чек ара аймактарында жашаган жарандарыбыздын эртеңки күнгө болгон ишенимин арттырып, алардын коопсуз жашоосун камсыздап жаткандыгын баса белгилеп, Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан ыраазылык билдирип, мыкты кызматкерлерге Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамотасын жана баалуу белегин тапшырды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)