Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү.

Туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү.

03 июль 2019, Среда
2 668
0
Бүгүн, Ош шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү.
Отурумду комиссиянын төрагасы Н.Рашев алып барып, депутаттар А.Салиева, О.Абдырахманов, Турдубай уулу А, Н.Алимбеков, Ж.Тажибаев, К.Мамбетов, Камчы уулу К, Х.Хакимовдор катышышты. 
Күн тартибинде эки маселе каралды.
  1. Ош шаарынын мэриясынын Ош шаарынын Г.Айтиев көчөсүнүн №4 дарегинде жайгашкан Ош Мамлекеттик Университетинин музыкалык окуу жайынын имаратын бузуу менен анын ордуна жаңы окуу корпусун жана Абакир Төрөбек (мурдагы Петрова) көчөсүнүн №1 “А” дарегиндеги окуу корпусунун куруу үчүн аталган аймактардын функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн (зонирование) өзгөртүп берүү жөнүндөгү катын кароо
  2. Ош шаарынын мэриясынын А.Шакиров көчөсүнүн №22 дарегиндеги жалпы аянты 1700,0 чарчы метр жеке менчик жер тилкесинде жайгашкан мурдагы “Ош-Жибек” айыл чарба кооперативинин клубунун имаратын Ош шаарынын жергиликтүү маданият жана тарыхый эстеликтерди коргоо шарты боюнча түзүлгөн картасынын 39-пунктунун тизмесинен чыгаруу жөнүндөгү катын кароо.
Аталган маселелер депутаттар тарабынын кызуу талкууланып, Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясынын кароосуна сунушталды.   
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)