Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарындагы социалдык тармакка тиешелүү жетекчилер менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Ош шаардык Кеңешинин депутаттары жыйын өткөрүштү.

Ош шаарындагы социалдык тармакка тиешелүү жетекчилер менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Ош шаардык Кеңешинин депутаттары жыйын өткөрүштү.

13 июль 2022, Среда
644
0

     2022-жылдын 13-июль күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Маткеримов, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы С.Назылбеков, туруктуу депутаттык комиссиялардын төрагалары Б.Баетов, Э.Арзиев, Бакир уулу Шахназар, комиссия мүчөлөрү Г.Кулдышева, К.Мамашов, А.Раимбердиева, депутаттар А.Зайнидинов, А.Аккулов, Э.Шатманова, Ош шаарынын вице-мэрлери Ж.Азимов жана В.Рыскуловалар Ош шаарындагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, жаштар саясаты боюнча маселелерди өзүнө камтыган мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда кеңири жыйын болуп өттү.

Жыйынды Ош шаардык Кеңешинин төрагасы С.Назылбеков алып барды жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Маткеримов жана шаардык Кеңештин депутаттары жыйынга келип катышкан жетекчилердин суроолоруна жооп берип, жетекчилерден кандай көйгөйлөр, чечилбей жаткан маселелер боюнча кызуу талкуу жана суроо-жооптор болду. 

Саламаттыкты сактоо тармагындагы техникалык базаны чыңдоо, билим берүү мекемелериндеги балдар бакчалардагы, мектептердеги имараттардын жетишсиздиги, жогорку окуу жайлардагы окууга кабыл алуудагы аярлуу катмардагыларга болгон квоталар, жаштардын ипотекалык үй алуусундагы көйгөйлөр, Ош шааарындагы иш тажрыйбаларды республиканын башка аймактарына жайылтуу сыяктуу бир топ маселелер каралып, депутаттар алардын көйгөйлөрүн угушуп, жергиликтүү аткаруу бийлиги менен биргеликте жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык саясат боюнча комитетинин деңгээлинде чечүү боюнча сунуштарын айтышты.  

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Маткеримов ар бир суроону жана сунуштарды, коюлган талаптар боюнча жеринде жогорудагы социалдык тармактын жетекчилери менен үч айда жолугушуп турууну сунуштады.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)