Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ден соолуктун сакчысы да, жарчысы да-дарыгер

Ден соолуктун сакчысы да, жарчысы да-дарыгер

04 июль 2019, Четверг
3 022
0
Бүгүн, Ош шаарында Медицина кызматкерлеринин күнү салтанаттуу түрдө белгиленди. Ага Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов, шаар мэри Т.Сарыбашов, шаардык медицина мекемелеринин кызматкерлеринин жетекчилери жана кызматкерлери катышышты. 
Төрага өз сөзүндө жалпы медицина кызматкерлерин Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан куттуктады.
"Саламаттык сактоо кызматкерлери Сиздер данкы даалайга кеткен Улукман атабыздын шакирттерисиздер, Гипократтын антын берген улуу кесип ээсисиздер. Мамлекеттин байлыгы эл, ал эми элдин байлыгы бул ден-соолук.  Ушул жооптуу кызматты аркалап элибиздин саламаттыгын сактап келесиздер. Ош шаардык Кеңешинин депутаттары Сиздерди ар тараптан колдоп келе жатабыз жана мындан ары да колдоого даярбыз" деп билдирди Ж.Ормонов. 
Ошондой эле, медицина кызматындагы жогорку деңгээлдеги кесиптик чебердиги жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги менен, Ош шаарынын саламаттыкты сактоо тармагына кошкон зор салымдары үчүн, алдыңкы медицина кызматкерлери, ардагерлери жана эмгек жамааттары Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталары, баалуу белектери, ыраазылык барактары менен сыйланышты.  
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)