Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болду

Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болду

02 февраль 2018, Пятница
3 628
0
Бүгүн, 2018-жылдын 2-февралында Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери
боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын көчмө жыйыны Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондунун Ош аймактык башкармалыгында отурумдун көчмө жыйынын өткөрдү. Отурумдун көчмө жыйынын туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы
Ашим Алымович алып барып, комиссиянын мүчөлөрү С.Нуркамилова, Г.Эсенбаева, Ж.Азимов, Е.Рузиева, А.Мадаминов, Т.Шабанов, мэриянын өкүлдөрү, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери катышышты.
Отурумдун күн тартибинде Ош шаарында калкты милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ош аймактык башкармалыгынын Ош шаары боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндөгү маселе каралды. Аталган маселе боюнча башкармалыктын жетекчиси 2017-жылдагы аткарган иштери жөнүндө кеңири баяндама жасады. Шаардык Кеңештин депутаттары күн тартибинде каралган маселебоюнча тиешелүү медициналык мекемелердин жетекчилерине сунуштарын суроолорун беришип, кызуу талкуудан кийин комитеттинотурумунда күн тартибине коюлган маселени канаттандыраарлык деп баалашты.






Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)