Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарынын Ардактуу атуулдарына арналган салтанаттуу азем өткөрүлдү.

Ош шаарынын Ардактуу атуулдарына арналган салтанаттуу азем өткөрүлдү.

10 июль 2019, Среда
2 946
0
Бүгүн Ош шаарынын Ардактуу атуулдарына “Ош шаарынын Ардактуу атуулу” күбөлүктөрү жана төш белгилери салтанаттуу түрдө ыйгарылды. Иш чарага Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов, Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашов, Ош шаардык Кеңешинин депутаттары катышышты.
Төрага “Ош шаарынын Ардактуу атуулу” наамын алган жарандардын аткарган иштерине жана алардын шаарыбыздын социалдык экономикалык жактан ар тараптуу өсүп өнүгүшүнө, коомчулуктун жашоо турмушуна активдүү катышып келе жаткандыгына токтолду.
Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 11-июнундагы XXI сессиясынын №196 токтомуна ылайык “Ош шаарынын Ардактуу атуулу” наамы 12 кишиге  ыйгарылды. 
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)