Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормоновдун Курман айт майрамы менен куттуктоо сөзү

Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормоновдун Курман айт майрамы менен куттуктоо сөзү

11 август 2019, Воскресенье
3 027
0
Урматтуу касиеттүү шаарыбыздын тургундары!
Кадырлуу момун мусулмандар!
Сиздерди ыйык Курман айт майрамы менен Ош шаардык Кеңешинин эл өкүлдөрүнүн атынан чын дилимден куттуктайм!
           Бул улуу күндөрү баарыбыз муктаждарга көңүл бөлүп, көзү өткөндөргө куран окуп, элибиздин тынчтыгын, мамлекетибиздин жаркын келечегин жараткандан тилеп келгендигибиз, ынтымагыбыздын бекемдигин жана дилибиздин таза экендигин айгинелеп турат. 
Баарыбызды ислам динибиз ынсаптуу болууга, тынчтыкка, сабырдуулукка, ыймандуулукка, үндөйт. Андыктан ар бир инсан Кудайым берген өмүрдү кор кылбай, адал жана татыктуу жашап өтүүсу абзел.  
Кылымдарды каарыткан сүйүктүү мекенибизде жарандарыбыздын дин тутуу эркиндиги толук камсыздалган, өсүп-өнүгүү жолунда бара жаткан улуу мамлекетте жашап жаткандыгыбыз, бизге берилген чоң бакыт! 
         Жыл сайын мусулмандардын улуу, касиеттүү күндөрүн мамлекеттик деңгээлде майрамдап келе жатканыбыз да элибиздин баалуулугунан, эгемендүүлүгүбүздүн бар экендигинен кабар берет.  
Демек ар бирибиз сабырдуулук менен адамгерчиликтин жана мамлекеттин татыктуу жаранынын үлгүсүн көрсөтүүгө тийишпиз деп эсептейм. 
          Бул күндөрү ыйык Меккеде ажылык парзын аткарып жүргөн бир туугандарыбыздын, ниеттери кабыл болсун! Мекенибизге, аман-эсен кайтып келишсин! Элибизде ынтымак, жергебизде береке болсун! Мамлекетибизде, касиеттүү шаарыбызда кут береке жана тынчтык орносун! Айтыңыздар маарек болсун!
Терең урматтоо менен,
Ош шаардык Кеңешинин 
төрагасы Жапарбек Ормонов
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)