Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Арек айылында жаңы балдар бакчасы ачылды

Арек айылында жаңы балдар бакчасы ачылды

24 декабрь 2022, Суббота
293
0

Бүгүн, 24-декабрда Арек айылында жаңы балдар бакчасынын ачылуу аземи болуп өттү.

Ага Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Айбек Осмонов жана Шайлообек Атазов, Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова жана айыл тургундары катышышты.

Шайырбек Нуранов Ош шаардык Кеңештин төрагасынын жана шаардык Кеңештин депутаттарынын атынан жаңы балдар бакчасынын ачылышы менен куттуктады.

Эл өкүлү өз сөзүндө бул бала бакчадан тарбияланган балдар келечекте Кыргызстандын түндүгүн көтөрүп, мамлекет жана эл үчүн кызмат кылат деп белгиледи.

 “Тарыхта из калтырган залкарлар жашап өткөн Арек айылында биринчи жолу балдар бакчасы ачылып, кубанып олтурган чагыбыз. Бул балдар бакчасынан балдарыбыз татыктуу тарбия алып, Кыргызстаныбыздын даңкын далайга жеткирген, келечекте өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшү үчүн салымдарын кошо турган мекенчил, кесипкөй инсандар чыгат деп терең ишенем. Балдарыбыз жакшы тарбия жана билим алса алардан жакшы кызматкер, чыгаан башкаруучу, кесипкөй инсан чыгат. Жаңы балдар бакчасынын ачылышына Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын салымы чоң экендигин баса белгилеп кетким келет”,-деди Шайырбек Нуранов.

 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)