Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Бала бакчанын курулушуна капсула салуу аземи болду.

Бала бакчанын курулушуна капсула салуу аземи болду.

15 август 2019, Четверг
3 045
0
             Ош шаарынын Амир-Тимур кичи районунда 100 орундуу бала бакчанын курулуш иши башталып, капсула салуу аземи болуп өттү. 
             
             Иш чарага Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Б.Каналиев, шаар мэри Т.Сарыбашов, муниципалдык аймактык башкармалыктын башчылары жана жергиликтүү тургундар катышышты.

             Биздин жаш жеткинчектерибизге тиешелүү шарттарды түзүп берүү менен катар, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормоновдун жана жалпы депутаттардын атынан 100 орундуу заманбап бала бакчанын курулушуна капсула салуу аземи менен кызуу куттуктаймын.

             Балдар биздин бактыбыз, кубанычыбыз, жашообуздун максаты жана маңызы. Бала бакчанын курулушу менен биз шаардык Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик, ата-энелер менен биргеликте балдарыбызды татыктуу тарбиялап, кайгы кападан алыс, тынч жашоосун камсыз кылууга аракет кылабыз. Бүгүнкү майрамдык шаңга бөлөнүп турган бала бакчанын курулушунун пайдубалы бекем болуп, жергиликтүү калкка кут кылсын деп билдирди  Б.Каналиев.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)