Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын жаңы жылдык куттуктоосу

Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын жаңы жылдык куттуктоосу

31 декабрь 2022, Суббота
261
0

          Урматтуу Кыргызстандыктар жана ордолуу Ош шаарынын тургундары!

    Сиздерди жаңы 2023-жылыңыздар менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын жана өзүмдүн атымдан чын дилимден кызуу куттуктайм!

   Баарыңыздарга бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бактылуу турмуш каалайм. Жаңы жылыбыз жакшылыктарды, молчулукту, биримдикти жана достукту алып келген ак жолтой жыл болсун!

Өтүп бара жаткан 2022-жыл биздин мамлекетибиз үчүн стабилдүүлүктүн, ынтымактын жана ийгиликтердин жылы болду.

    Өлкөбүздүн эгемендүүлүгү, элибиздин ынтымагы жана биримдиги менен таза пейилде, ыйманыбыз бекем, тагдырыбыз, максатыбыз, тилегибиз мамлекетибиздин өнүгүп жаткан жолу ачык болуп, келечекке койгон максаттарыбыз орундалсын. 

   Шаарыбызда илим-билимге сугарылган, жаны заман менен бирге кадам таштаган мекенчил, намыскөй жаштарыбыздын катары көбөйүп, бул жылы да зор жеңиштери жана ийгиликтери менен бизди сыймыктандыра алышты. Мындай жакшы саамалыктар, кирип келе жаткан жаңы жылда да болооруна терең ишеним артамын. 

   Баарыңыздар дайыма бекем ден соолукта болуп, айдан аман, жылдан эсен, саламатчылыкта болуп, элибиздин коломтосунан от, дасторконунан кут кетпесин!

Мамлекетибиздин алдыдагы жолу ачык болуп, үмүт тилегибиз ишке ашсын, жараткан элибизди, жерибизди жамандыктан сактасын. 

Дайыма бакубатчылыкта жана амандыкта бирге бололу!

Жаңы жылыңыздар менен!

Салман Назылбеков, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)