Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Жаңы 2023-жыл майрамы жогорку деңгээлде өткөрүлдү

Жаңы 2023-жыл майрамы жогорку деңгээлде өткөрүлдү

31 декабрь 2022, Суббота
438
0


  Ош шаарында жаңы жыл майрамы борбордук аянтта шаар эли үчүн атайын оюн-зоок концерттик программа менен ачылыпбелгилүү эстрада жылдыздарыкуудулдардын катышуусунда чоң программадагы концерт менен уланды

Иш чарага Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбековшаар мэри Бакытбек Жетигеновшаар тургундары жана коноктору катышышты. 

   Төрага Салман Назылбеков узап бараткан 2022-жыл Ордолуу Ош шаары үчүн жакшылыктардын, өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн бекем пайдубалын түптөөнүн жылы болгондугун белгилеп, калаа тургундарын жаңы жыл майрамдары менен куттуктады.


     “Урматтуу мекендештер! Кадырлуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары!

Сиздерди 2023-жаңы жылыңыздар менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктаймын.

   Жыл тогошор мезгилде жаңы жылга ак дил, аруу тилектер менен кадам таштап жатабыз. Алдыбызда шаарбызды өнүктүрүүнүн, элибиздин бакубат турмушун камсыздоонун, ынтымак-ырашкерликти бекемдөөнүн айкын милдеттери турат. Биз ал максаттарбыздын аткарылышына терең ишенебиз. Көп улуттан турган ордолуу Ош шаарыбыздын тургундарынын бири-бирине, эң башкысы башкаруу жана аткаруу бийлигине болгон ишеними бекемделди.

     Жаңы жылда мамлекетибиз бакубат өлкөлөрдүн катарынан орун алуусуна ошондой эле кичи мекенибиз болгон Ош шаарыбыздын өнүгүүсүнө барандуу салымыңыздарды кошооруңуздарга терең ишенип турам. Анткени, мамлекеттин бүтүндүгүн камсыздап туруучу да, мамлекеттин негизги өзөгүн түзүүчүсү да – Эл.

Жаңы жылда Кыргызстандыктардын түндүгү түрүлүп, керегеси керилип, уугу узарып, коломтосунан от, дасторконунан кут кетпесин. Ар бир үйдө ырыскынын нуру чачырап, жарык маанай уяласын.Жергебизге тынчтык, элибизге ынтымак-ырашкердик түбөлүккө орносун. Жалпыңыздарга чың ден-соолук, бакубат турмуш каалайм.

Жаңы жылыбыз – ынтымактын, биримдиктин, бейпилдиктин жылы болсун!”,-деп билдирди С.Назылбеков.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)